Акыркы суткада коронавирустан үч адам каза болду, 781 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 17-январга карата коронавирустан үч адам каза болду, жуктуруунун 781 жаңы учуру катталды. Акыркы суткада илдеттен 102 бейтап айыгып чыкты.

  • Бишкек шаарында — 658;
  • Чүй облусунда — 48;
  • Баткен облусунда — 17;
  • Жалал-Абад облусунда — 14;
  • Талас облусунда – 14;
  • Ош шаарында — 11;
  • Ысык-Көл облусунда — 6;
  • Нарын облусунда – 3.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 190 468ге жетти. Өлкө боюнча 181 072 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 827 адам көз жумду.

Учурда 907 бейтап ооруканада, ал эми 4 167 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.