Бишкекте тургундар Самаковго таандык жерлерди мамлекетке кайтарууну талап кылды

Аламүдүн районунун жашоочулары Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. АКИpress маалымат агенттиги кабарлагандай, чогулгандар Биримдик Кут жаңы конушуна убада кылынган мектепти курууну жана мектеп, бала бакча, фельдершик-акушердик пункт, анын ичинде мечит курууга делген жерлерди кайтарып берүүнү талап кылышты.

«Биз бул жерлерди убадалар ишке ашат деген шарт менен сатып алганбыз. Бирок убадалар аткарылган жок», — деп нааразы болушту митингчилер. Митингге чыккан аялдардын бири жол чырак жана башка инфраструктуралык чөйрөсү жок жолдон өтүүгө мажбур болгон балдары үчүн кооптонуп жатканын айтты.

Митингчилердин айтымында, бир канча гектар жер мурдагы депутат Карганбек Самаковдун ээлигинде турат, экс-депутат өзү жерлерди мыйзамсыз трасформациялоого айыпталган.

Чогулгандар президент Садыр Жапаров менен жолугууну талап кылышты, бирок анын ордуна президенттин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишов чыкты. Ал чогулгандарга Карганбек Самаков аталган жерлерди берүүнү убада кылганын билдирди.

Тентишев митингчилерге бийлик быйыл Аламүдүн жана Сокулук райондорунда, анын ичинде Биримдик Кут жаңы конушунда да жаңы мектептерди курууну пландап жатканын айтты.

Видео: 24.kg

Самаков деген ким?

Карганбек Самаков — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. 2017-жылы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнө караштуу 262 гектар айыл чарба багытындагы жерди калктуу конуштардын категориясына мыйзамсыз трансформациялоо боюнча күнөөлү деп табылган.

Октябрь райондук соту Самаковду 10 жылга эркинен ажыраткан, бирок эки мунапыс эске алынып, жаза өтөө мөөнөтү үч жылга кыскартылган. Бул убакыт аралыгында экс-депутат 8 миллион долларга жер сатып үлгүргөнү айтылган.

2020-жылдын октябрында бийлик алмашкандан кийин экс-депутат анын өкүмүнө кайрадан арызданган. Жыйынтыгында 2021-жылдын 10-февралында Жогорку сот мурунку инстанциялардын өкүмдөрүн жокко чыгарып, иш Бишкектин Октябрь райондук сотуна соттун башка курамында кайра кароого жиберилгенин жарыялаган.

13-январда Самаков мүлкүн камактан чыгарткан. Бишкек шаардык соту мурдагы депутатты толугу менен актаган.