Акыйкатчы институту Тажикстанда соттолгон кыргыздарды өлкөгө өткөрүп алууну суранды

Акыйкатчы институту Башкы прокуратурадан соттолгон эки кыргызстандыкты мындан ары жазасын Кыргызстандан өтөөсү үчүн Тажикстандан экстрадициалоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды.

Укук коргоочулар кыргызстандыктарды коңшу өлкөнүн аймагында калтыруу коопту дешет. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Акыйкатчынын катчылыгы аларга Баткен облусунун Лейлек районунун жашоочулары кайрылганын маалымдады.

Лейлектин тургуну 2021-жылдын 16-сентябрында жолдошу Саидахмед Артиковду жана күйөө баласы Нооман Самадовду Тажикстандын атайын кызматы кармап кеткенин айтып берген. Анын айтымында, экөөнү тең чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп соттошкон: бири эки жылга, ал эми экинчиси 18 жылга эркинен ажыратылган.

Акыйкатчы институтунан соттолгондор жогору турган сотко кайрылуудан баш тартып, бирок өздөрүнө тагылган айыптарды саясий өңүттүү жана негизсиз деп аташканын белгилешти.

2021-жылдын 12-ноябрында кармалган Нооман Самадов жана Саидахмед Артиковдун жакындары Өкмөт үйүнүн алдында митингге чыгышкан. Аларга минкабдын башчысынын орун басары Эдил Байсалов чыгып, кыргызстандыктарды бошотууга жардам берүүнү убадалаган.

ТИМ Нооман Самадов жана Саидахмед Артиков менен кошо дагы эки кыргызстандык кармалганын билдирген: Турсунали Ташанов жана Аскар Ахмедов, төртөө тең — этникалык кыргыздар жана Кыргызстандын жарандары.

Кыргызстандыктардын Тажикстандагы өлүмү

Акыйкатчынын аппараты Тажикстандында кармалгандар кыргызстандыктардын коопсуздугуна тынчсызданууда — 14-январда коңшу өлкөдө түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жараны каза тапканы белгилүү болгон.

Дипөкүлчүлүк Тажикстандын ТИМне кыргыз жаранынын өлүмү боюнча бейтарап иликтөө жүргүзүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен нота жиберген.

Президенттин Баткен облусту боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин айтымында, учурда Тажикстанда Баткен облусунун камакта он тургуну бар, аларды бошотуу боюнча «сүйлөшүүлөр жүрүүдө, бирок азырынча эч кандай натыйжа жок».

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара сызыктары такталбагандыктан чек арага жакын айылдарда — жер, суу жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланышкан чыр-чатактар байма-бай катталып турат.

Чек арадагы акыркы ири жаңжал былтыркы жылдын апрель айында катталган.

Тема боюнча:

Акыйкатчы кармалган кыргыз жарандарынын укугун коргоо боюнча Тажикстанга кайрылды