Акыйкатчы кармалган кыргыз жарандарынын укугун коргоо боюнча Тажикстанга кайрылды

Акыйкатчынын аппараты 11-ноябрда Тажикстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Умед Бобозодага кайрылып, тажикстандык аскерлер тарабынан кармалган Кыргызстандын жарандарынын укугу бузуулусуна жол бербөөнү өтүндү. Бул тууралуу 13-ноябрда ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Аппараттан белгилешкендей, Лейлек районунун тургундары Саидахмед Артиков жана Нооман Самадов Тажикстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында кармалган.

«Наргиза Артикованын (Саидахмед Артиковдун жубайы) айтымында, анын жолдошу жана күйөө баласы (Нооман Самадов) азыркыга чейин үйүнө кайтып келе эле, ушул күнгө чейин алардан кабар жок. Бирок ага жеткен маалыматтарга ылайык, алар учурда Кожент шаарындагы тергөө изоляторунда камалып жатат жана кыйноого алынууда», — деп белгиленген акыйкатчынын кайрылуусунда.

Мындан улам акыйкатчынын аппараты кыргыз жарандарынын укуктарынын бузулушуна жол бербөө боюнча чараларды көрүүнү жана териштирүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымдап коюуну өтүндү. Дагы бир кат Кыргызстандын ТИМне жөнөтүлдү.

Кармалгандардын жакындарынын митинги

Ал арада, 12-ноябрда Артиковдун туугандары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышкан. Анда Артиковдун аялы жолдошу кыйноолордон улам оор абалда ооруканага тушкөнүн, учурда тажик ТИЗОнун ооруканасында экенин билдирген.

Кармалган кыргызстандыктыктардын туугандары минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сүйлөшүп жатышат. Сүрөт: «Азаттык»

«Менин жолдошумду айыл башчысы кылып Жийделик айлынын тургундары шайлаган. Ага чейин тажик тарап Кыргызстандын жарандарын кармап кеткенде, менин жолдошум аларды бошотууга жардам берип келген. Тажикстандын атайын кызматы аны 16-сентябрда, үйдө олтурган жеринен алып кеткен. Ошол бойдон 40 күн көрсөтүшкөн жок», — деп айтып берген ал.

Митингчилерге минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолуккан. Ал маалыматты ыйгарым укуктуу органдарга жеткирип, кыргызстандык жарандарды бошотууга колдоо көрсөтүүнү убадалаган.

ТИМ эмне дейт?

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 17-сентябрда Тажикстандын күч органдары белгисиз себептерден улам Жийделик айылынын төрт тургунун кармап кеткенин билдирди. Артиков жана Самадов менен бирге Турсунали Ташанов, Аскар Ахмедов аттуу тургундар дагы болгон. Төртөө тең — этникалык кыргыздар жана Кыргызстандын жарандары.

22-сентябрда Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги тажик ТИМне нота жөнөтүп, кыргызстандыктардын кармалышынын себебин түшүндүрүп берүүнү талап кылган. Бир айдан кийин, 20-октябрда Тажикстандын Башкы прокуратурасынын кызматкерлери кыргыз элчилигинин кызматкерлери менен жолуккан. Ошол жолугушууда тажик тарап Артиковдун ооруканада экенин маалымдаган.

ТИМ 25-октябрда кармалгандар менен элчиликтин консулдук кызматкерин жолуктуруу өтүнүчү менен нота жиберилгенин белгиледи. Учурда тажик тараптан макулдук күтүп жатышат.

Ведомстводон Консулдук кызмат департаментинин кызматкерлери кармалгандардын туугандары менен байланышта экенин кошумчалашты.