Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Жергиликтүүлөр окуянын чоо-жайын айтып беришти

Сүрөт: Хамидулло Узаков/Kloop.kg

«Клооп» 29-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан жерге барды. Анда Көк-Таш айылынын тургундары окуянын чоо-жайын айтып беришти.

Айылдын депутаты Жоробай Осмоновдун айтымында, тажик тарап таңкы саат төрттөн баштап чек ара бөлүгүнө жана элге ок чыгара баштаган. Бирок кыргыз тарап жооп кайтарган эмес.

«Кыргыздарды аткылап, чек ара бөлүгүнөн кууп чыкты. Аскерлерди аткыласа бизден буйрук жок болуп, эч кандай каршылык көрсөтө алышкан жок. Азыр мына Кыргызстандын чек арасында турабыз, биздин трассадан өтүп жаткан унааларды тажиктер атып жатышат. Бизден эч кандай жооп жок, чек арачылар элди тосуп жатат», — деди ал.

Осмонов ушул убакка чейин бийликтин бир да өкүлү жерине келип кабар албаганына нааразы болду. Мындан улам тургундардын бири «бийлик өкүлдөрү келип чара көрсүн, же элге курал жаракка уруксат берсин» деп талап койду.

«Бала-чакабыздын баарын ар жерге жиберип коюп мына биз өзүбүздүн айылда турабыз. Бизге эч бир жардам жок. Чек арачыларбыз бир гана элди артка баргыла, тажик тарапка барбагыла деп жатат. Алар бизге келип эле жатышат. Бизде чек арачылар да, эл да атпай жатат. Аларда эл дагы, чек арачылар да атып жатышат. Бийликтин колунан келбесе, жоокерлердин колунан келбесе биз өзүбүз өлүмгө да даярбыз. Элибизди сактап калууга күчүбүз жетет», — деди ал.

Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр тажикстандыктар «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында байкоо камераларын орноткондуктан башталган. Кийинчерээк ал жерде эки өлкөнүн жарандары бир-бирине таш ыргытып, ондогон киши жаракат алган. Ошондой эле, бир кыргызстандыктын көзүнө ок тийип, ал ооруканага жеткирилген.

Учурда чек арадагы кырдаал чыңалуу бойдон калууда. Эки тараптан топтолгон эл тарай элек. Азыркы тапта Баткендин үч айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилип, тургундар коопсуз жайларга эвакуацияланууда.

Тажик тарап камераларды албай койгондуктан чыр чыкты — Суваналиев

Чек арадагы чыр: Баткендин үч айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал киргизилди

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты, жаракат алгандар бар