Назарбаевдин басма сөз катчысы элбашы Казакстанда экенин билдирди

Казакстандын биринчи президенти жана элбашы Нурсултан Назарбаев акыркы жолу декабрдын аягында Санкт-Петербургга КМШ өлкөлөрүнүн бейформал жолугушуусуна баргандан бери көрүнө элек. Казакстанда нааразылыктар башталгандан кийин Назарбаев өлкөдөн чыгып кетти делген ар кандай маалыматтар айтылган.

Александр Лукашенконун басма сөз-кызматы элбашы бир күн мурун саясатчы менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жарыялаганга чейин Назарбаев жана анын үй-бүлөсү тууралуу маалымат айтылбай жаткан болчу. Бирок Лукашенконун басма-сөз кызматынын маалыматы айныгыс факт катары кабыл алынган эмес. ЖМКлар, саясат таануучулар жана эксперттер Назарбаевдин кыздарынын жана неберелеринин ар кайсы өлкөлөрдөгү кыймылсыз мүлктөрү көп экенин эске алып, Назарбаев кайда болушу мүмкүн экенин талкуулоону улантышкан.

Анткен менен Назарбаев Кытайда болушу мүмкүн деген да версия айтылган. Бирок акыры, 8-яндарда, Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай Твиттер барагында элбашы Казакстанда экенин жазды.

Бирок Укибай билдирүүсүн тастыктаган сүрөт же видео жарыялаган жок.

Мунун баары Назарбаевдин жакын үзөңгүлөшү, эки жолку премьер-министр жана Улуттук коопсуздук комитетини (УКК) мурдагы башчысы Карим Масимов мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган шартта болууда. Ошондой эле УККдагы кызматынан Назарбаевдин инисинин уулу Самат Абиш дагы бошотулган, ошол эле инисинин дагы бир уулу — олигарх Кайрат Сатыбалды дагы камакка алынганы айтылууда.