«Эки буту, кабыргасы сынган». Алматыда кармалган Чолпонбек Сыдыков табылды

Алматыда дайынсыз жоголгон кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков табылды, ал тез арада ооруканага жаткырылууга тийиш. Бул тууралуу Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

Анын айтымында, күч органдары Сыдыковду 9-январга караган түнү Алматы — Бишкек жолунда кармашкан.

«Аны алгач аскерлер кармап, андан соң полиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Андан соң сабап, 2 бутун, кабыргасын сындырышкан. Ооруканага жеткиргенден кийин эч кандай маалымат беришкен эмес», — деди Арипов.

Сыдыков өзү видеодо ур-токмокко алынганы жөнүндө айтып берди. 

«Тепкич аркылуу чыктык, андан соң бир каридорго алып киришти. Ал жерден дубалга такап тизип алып, сабап башташты. Баарыбызды токмоктошту. Баарыбыз кыйкырып жаттык. Сабай беришти, мисалы эртең менен саат 10до башташса, түшкө жакын менин буттарымды сындырышты. Муштап, тепкилеп, дубинкалар менен сабашты», — дейт ал.

Башкы консул Сыдыковду Алатау районундагы ооруканадан табышканын белгиледи.

«Эртең аны алып келебиз, бутуна, кабыргасына тез арада операция жасоо керек. Кыргызстандын аймагынан тосуп алып, тез жардам менен дароо ооруканага алып баруу керек», — деди башкы консул.

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова болсо саламаттык сактоо министри менен макулдашканын кабарлады — Сыдыковду чек арадан реанимобил менен алып кетип, операция жасашат.

Ал Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, Чолпонбек Сыдыковду жана башка кыргызстандыктарды кыйноого алгандарды жазалоону өтүндү.

«Биз кыргызстандыктарды коргоп калабыз», — деди Молодокматова.

Чолпонбек Сыдыков 8-январдан бери дайынсыз болуп жаткан. Алматыдагы курбусу Айгүл Сартбаева социалдык тармактарда ал кармалганын жана кайда алып кеткени белгисиз экенин жазган.

Анын айтымында, Сыдыков башаламандыктарга аралашкан эмес. Ошол күнү каттоосунун мөөнөтү бүткөндүктөн Бишкекке жол тарткан.