Элмурза Сатыбалдиев санариптик өнүктүрүү министрин Ширшов менен иштегенин айтуудан уялбоого чакырды

19-январда парламент комитетинин отурумунда депутатар санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткарып жаткан Талантбек Имановдун ведомство жетекчилигине талапкерлигин карады.

Комитет мүчөлөрү талапкердин эмгек жолуна кызыгышты.

Депутат Гуля Кожокулованын айтымында, маалымкатта Талантбек Иманов «Дастан» корпорациясынын коопсуздук кызматында кызматкер катары иштегени көрсөтүлгөн. Кожокулова «кызматкер» деген эмне кызмат экенине, Иманов Алексей Ширшов менен иштегенби, ушул тапта Ширшовдун кызыкчылыктарын коргоо ниети барбы же жокпу деген суроо салды.

Иманов «Дастан» заводунда Албек Ибраимов жана Алексей Ширшов жетекчи болуп турганда иштегем деп жооп берди.

«Мен алардын баарын тааныйм жана эч кандай кызыкчылык жок. Жөн гана иштегем», — деди ал.

Ал арада депутат Элмурза Сатыбалдиев санариптик өнүктүрүү министринин м.а. мурдагы командасынан уялбоого чакырды.

«Мыкты командада иштегениңизди коркпой эле айтыңыз», — деди ал.

Жыйынтыныгында, комитет санариптик өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлигин жактырды.

Имановдун Ширшов менен байланышы

Талантбек Иманов болгону 35 жашта, ал кызматтык тепкичтен өтө тездик менен көтөрүлүп келе жатат.

Factcheck.kg басылмасы анын биографиясын изилдеп чыкты. Журналисттер Иманов карьерасын күзөт кызматкери катары баштап, кийинчерээк ири жеке менчик компанияларда жетектөөчү кызматтарды ээлегенин аныкташкан.

Ошондой эле Иманов Максим Бакиевдин жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Алексей Ширшовдун айдоочусу болгон. 2020-жылы Иманов «Биримдик» партиясынын катарында парламенттик шайлоого да катышкан.

Иманов 2010-жылдын 7-апрелине чейин Ширшовдун жеке айдоочусу болгон. Бакиев бийлиги кулагандан кийин, Кыргызстандын энергетика тармагында коррупциялык схемаларды курууга айыпталган Ширшов өлкөдөн чыгып кеткен.

Ширшов 2010-жылга чейин Кыргызстандын энергетика тармагындагы «көмүскө кардиналы» болгону айтылган. Маалыматка ылайык, ал мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, кийинчерээк Максим Бакиевге өлкөнүн энергетикасы боюнча кеңештерди берип жүргөн. Ошондой эле Кыргызстандын энергетика тармагындагы «Ширшовдун коррупциялык схемалары» бүгүнкү күнгө чейин иштеп жактканы айтылып келет.

Журналисттер Иманов азыркы күнгө чейин Ширшовдун үйүндө жашап жүргөнүн белгилешет.

Эльмурза Сатыбалдиев жана «бакиевчил кадрлар»

Экс-президент Роза Отунбаева журналист Майраш Базлакуновага 2020-жылдын ноябрь айында курган маегинде Жапаровдун тушунда «Бакиевдин кишилери кайтып жатат» деп билдирген.

«Журналисттерди сабап, өлтүргөндөр коопсуздук органдарында жогорку кызматтарды ээлеп калышты. Кайсыл жерди караба, бардык жерде “бакиевчил” кадрлар», — деген ал.

Мисалы, парламенттин жетинчи чакырылышына Элмурза Сатыбалдиев келген.

Сатыбалдиев — 55 жашта. Азыркы тапта ал волейбол боюнча Азия конфедерациясынын башкы катчысы, бирок Курманбек Бакиев бийликте турганда башкы прокурор болгон. Ал учурда президенттин кеңешчиси да болуп турган.

2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылган. Сот тарабынан дайындалган жаза мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөп, 2016-жылдын аягында эркиндикке чыккан.