«Грипп катары көрүшүбүз керек». Байсалов коронавирустун «омикрон» штаммы тууралуу

Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин 19-январдагы жыйынында коронавирустун «омикрон» жаңы штаммы бүт өлкөгө жайылганын белгилеп, аны «грипп катары кабыл алуу керектигин» айтты.

«Өзү ооруп жатат, коронавирус экенин билет. [...] Анан ар кайсы жерге барып жайылтып, "ПЧР тест тапшырам, терапевтке, поликлиникага барам" дегенди токтотушубуз керек дагы, грипп катары көрүшүбүз керек. Муну биз өзүбүз ойлоп тапкан жерибиз жок. Дүйнө жүзү ушундай күрөшөт экен», — деди ал.

Байсаловдун пикиринде илдетке чалдыккандар дарыгерлерден онлайн консультация алып үй шартында дарыланышы кажет. Ал эми абалы оорлошкондор үчүн ооруканада орундуктар даярдалганын белгиледи.

Ошондой эле, Байсалов коронавируска байланыштуу мамлекеттик мекемелерди жаап, кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүдөн пайда жок экенин билдирди.

«Азыр мектептерди жаап, экономиканы чектесек да эч пайда жок. Омикрон келди, тарады, көпчүлүккө жукту. Эгерде мурда кимдир бирөөдөн коронавирус инфекциясы аныкталса, класстарды, мекемелерди жаап салышкан болсо, азыр андай муктаждык жок», — деди ал.

18-январда Бишкак шаардык билим берүү башкармалыгы борбор калаадагы коронавирус илдети аныкталган 13 мектепти жапкан. Ошондой эле, коронавирус дарты аныкталган №135 бала бакча толугу менен, ал эми №144 бала бакчанын бир тайпасы жабылган.

Ал арада, Чүй облусунда кафе жана ресторандарда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди. Ага аймактагы эпидемиологиялык кырдаалдын начарлаганы себеп болду деп билдирген Ысык-Ата шаарынын ооруларды алдын алуу борбору.

2020-жылы коронавирустун биринчи толкуну башталганда дагы массалык иш-чараларга тыюу салынган. 4-мартта республикалык штаб кыргызстандыктарга массалык иш-чараларды өткөрбөөнү жана эл көп чогулган жерлерден алыс болууга чакырган.

Ал эми мекемелерге эрежени бузгандыгы үчүн айып пул салынганы менен массалык иш-чаралар баары бир деле өткөрүлүп турган. Аларга мамлекеттик кызматкерлер, саясатчылар жана чиновниктер да катышып өткөргөн учурлар болгон.

«Омикрон» штаммы жана коронавирустун төртүнчү толкуну

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2021-жылдын 28-ноябрында SARS-CoV-2нин жаңы вариантын жарыялап, ага «омикрон» деген ат койгон. Андан кийин эле дүйнө жүзү боюнча окумуштуулар жаңы штаммды изилдеп башташкан.

Белгилүү болгондой, буга чейинки штаммдардан айырмасы «омикрон» көп санда мутацияланат — 50дөн ашат.

Ошондой эле, бул штамм Түштүк Африкада пайда болгону белгилүү. Анда ТАРдын Жугуштуу оорулар улуттук институту жаңы штамм тез арада жайылып кеткенин кабарлаган.

Мындан тышкары, ТАР, Германия, Швеция, АКШдагы жана да Pfizer компаниясынын изилдөөлөрүндө жаңы штаммга карата эки жолку эмдөө жетишсиз экенин көрсөткөн.

12-январда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жаңы омикрон штаммы аныкталганын билдирген. Жаңы штаммдын аныкталышы менен катар Кыргызстанда COVID-19дун төртүнчү толкуну башталган.

Жаңы штамм аныкталганынан тышкары Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек коронавирустун жайылышы боюнча кызыл зонада экенин дагы билдирген.

Буга чейин министр «омикрон» штаммын жуктурган бейтаптардын 70-80 пайызын үй шартында дарыласа болот, себеби оору жеңил өтөт деп билдирген. Ал «омикрондун» жайылуу коркунучу жогору болгондуктан өлкөдө COVID-19 учурлары рекорд коюшу мүмкүн деп болжогон.

20-декабрда Алымкадыр Бейшеналиев өлкө жаңы штаммга толук даяр экенин билдирген.

Тема боюнча:

Кызыл зонага кирген Бишкек, омикрон жана төртүнчү толкун. Эмне болуп жатат?

Чүй облусунда ооругандар көбөйгөндүктөн массалык иш-чараларга тыюу салынды

Коронавирустан улам Бишкекте 13 мектеп онлайн режимге өттү, эки бала бакча жабылды