Кызыл зонага кирген Бишкек, омикрон жана төртүнчү толкун. Эмне болуп жатат?

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 12-январда Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммы — омикрон расмий аныкталганын билдирди.

Бейшеналиев омикронду жуктуруу Бишкек жана Чүй облусунда катталганын айтты. Анализдин жыйынтыгы 12-январда белгилүү болду. Жаңы штаммдын аныкталышы менен катар Кыргызстанда COVID-19дун төртүнчү толкуну башталды.

Омикрон штаммы тууралуу эмне белгилүү?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2021-жылдын ноябрында SARS-CoV-2нин жаңы вариантын жарыялап, ага «омикрон» деген ат койгон. Андан кийин эле дүйнө жүзү боюнча окумуштуулар жаңы штаммды изилдеп башташкан.

Белгилүү болгондой, буга чейинки штаммдардан айырмасы «омикрон» көп санда мутацияланат — 50дөн ашат. Ошондой эле, бул штамм Түштүк Африкада пайда болгону белгилүү. Анда ТАРдын Жугуштуу оорулар улуттук институту жаңы штамм тез арада жайылып кеткенин кабарлаган.

Мындан тышкары, ТАР, Германия, Швеция, АКШдагы жана да Pfizer компаниясынын изилдөөлөрүндө жаңы штаммга карата эки жолку эмдөө жетишсиз экенин көрсөткөн.

Ошондой эле, Лондондун Империялык колледжинини изилдөөлөрү SARS-CoV-2 «дельтага» салыштырмалуу «омикронду» кайрадан жугузуп алуу тобокелдиги беш эсе көп экенин көрсөткөн.

Бишкек кызыл зонада

Жаңы штамм аныкталганынан тышкары Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек коронавирустун жайылышы боюнча кызыл зонада экенин дагы билдирди.

Ведомство бул абалга байланыштуу бир нече сунуш берди:

  • калк ичинде эмделгендердин, анын ичинде бустердик дозаны алгандардын санын көбөйтүү;
  • коомдук пайдалануудагы жерлерде эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү (айрыкча коомдук транспортто, соода борборлорунда жана коомдук тамактануу жайларында);
  • чектөө чараларын киргизүү жана сактоо.

Бийлик жарандарды эмдөөдөн активдүү өтүүгө чакырып жатат, себеби вакцина алгандан кийин коронавирус жуктургандарда ооруу көбүнчө жеңил өтөт. Мындан тышкары, Ден соолукту чыңдоо республикалык борборунун эпидемиологу Айжаркын Эгембердиева коронавирустан каза тапкан учурлардын баары эмдөөдөн өтпөгөндөрдүн арасында катталганын белгилейт.

«Эмделбеген адамдар реанимацияга түшүп жатат. Ошондуктан вакцина алууга чакырабыз, ал эми эмделгендерди — бустердик дозаны алууга үндөйбүз», — деген ал.

12-январда Тез жардам борборунун башчысынын орун басары Егор Борисов өзүнүн Твиттер барагына тез жардам кызматы да төртүнчү толкунду байкаганын кабарлады.

«Чындап эле жеңил өткөнү бир аз тынчтык берип жатат. Өткөн жылга салыштырмалуу абалы оор бейтаптар дагы аз», — деп жазды ал.

Саламаттык сактоо министрлигин 12-январга карата маалыматында, Кыргызстанда акыркы суткада 465 адамдан COVID-19 аныкталды. Жаңы учурдун басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында катталды.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 186 878ге жетти. Мындан тышкары, бул аралыкта коронавирустан жалпы 2 823 адам көз жумган.