Коронавирустан улам Бишкекте 13 мектеп онлайн режимге өттү, эки бала бакча жабылды

18-январдан тартып борбор калаадагы коронавирус илдети аныкталган 13 мектеп онлайн окутуу режимине өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Онлайн окууга төмөнкү мектептер өттү: № 26, № 88, № 62, № 60, № 73, №12, № 4, № 38, № 67, № 11, № 29, № 18, № 6.

Ошондой эле маалыматта, коронавирус дарты аныкталган №135 бала бакча толугу менен, ал эми №144 бала бакчада бир тайпа жабылганы белгиленди.

Мындан ары Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы COVID-19 инфекциясын алдын алуу үчүн окуучулардын сабакка катышуусун күн сайын көзөмөлдөп турат.

Ведомство ата-энелерге балдар ооруп калса мектепке, бала бакчага алып келбөө керек экенин эскертти.

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан үч адам каза болуп, жуктуруунун 820 жаңы учуру катталды.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 191 288ге жетти. Өлкө боюнча 181 225 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 836 адам көз жумду.