Нефтетрейдерлер: Бензин жана дизель майлары бир айдын аралыгында 4-6 сомго кымбаттайт

Жакынкы айларда Кыргызстанда бир литр бензиндин баасы 4 сомго, ал эми дизель майы — 6 сомго кымбаттайт. Мындай божомолун Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов 20-январдагы маалымат жыйында угузду.

Анын айтымында, баалардын өсүшүнө бир катар себептер бар, анын ичинде — орусиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордогу баалардын жогорулашы. Эшанов 2022-жылдан тарта орусиялык заводдор бензиндин тоннасына болгон бааны 110 долларга, ал эми дизелдик күйүүчү майдын баасын 130 долларга көтөрдү деп түшүндүрдү.

Кыргызстан мунай азыктарынын басымдуу бөлүгүн Орусиядан импорттойт.

Канатбек Эшатов. Сүрөт: AKIpress.

Эшатов азырынча Казакстандан мунай заттарды алып келүүгө мүмкүн эмес экенин кошумчалады. Анткени аларда ички суроо талапты канааттандыруу үчүн күйүүчү майды экспорттоого тыюу слынган.

2021-жылы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы бир топ кымбаттады.

Sputnik Кыргызстан басылмасынын маалыматына караганда, жылдын башында АИ-92 бензини 35,9 сом турса, декабрь айында — 59 сомго көтөрүлгөн. АИ-95 болсо бул аралыкта 27 сомго, дизелдик күйүүчү май — 22 сомго кымбаттаган.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 2021-жылдын 11-ноябрында жыл башынан бери бензиндин чекене баасы 70%, ал эми дизель майы —50 пайызга кымбаттаганын кабарлаган. Ошол эле учурда агенттик Кыргызстанда күйүүчү май жеткиликтүү, тартыштык жок экенин белгилеген.

Монополияга каршы жөнгө салуучу мамлекеттик агенттик Кыргызстанда күйүүчү майдын баасынын өсүшүнүн негизги себеби — орусиялык нефть иштетүүчү заводдордогу баанын өсүшү деп эсептейт.