Акыркы суткада коронавирустан бир адам каза болуп, 788 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 21-январга карата COVID-19 менен ооруп жаткан бир адам каза болуп, жуктуруунун 788 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрилиги кабарлады.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында — 523 (он медик);
  • Чүй облусунда — 137 (15 медик);
  • Баткен облусунда — 30 (төрт медик);
  • Жалал-Абад облусунда — 28 (үч медик);
  • Ош облусунда — 17;
  • Ысык-Көл облусунда — 17 (бир медик);
  • Талас облусунда — 17 (эки медик);
  • Ош шаарында — 12 (эки медик);
  • Нарын облусунда — 7.

Ошондой эле, 21-январга карата жалпы республика боюнча 284 адам оорудан айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 193 816га жетти. Ал эми өлкө боюнча 181 976 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 843 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 1 075 бейтап дарыланып жатат — алардын 58и өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 6 429 адам дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.