Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкесине жакын жайгашкан жерди ижарага алуу боюнча 2009-жылы Адахан Мадумаров тарабынан кол коюлган протоколдун юридикалык күчү жок. Бул тууралуу Кыргызстандын экс-премьер-министри Феликс Кулов билдирди.
Аталган документке кол койгону үчүн Мадумаров январда Башкы прокуратурада бир нече жолу сурак берген. Ал эми президент Жапаров протоколго кол коюуну «кылымдар боюу кечирилгис чыккынчылык» деп атаган.
Феликс Кулов Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган учурда Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо жана көпүрөө салуу үчүн такталбаган тилкедеги 275 чарчы метр жерди Тажикстандан ижарага алуу боюнча протоколго кол койгонун эске салды. Ал дал ушул документтен улам «тажик тарап бул жерлерди өзүнүн жери деп эсептепөөдө» деп белгиледи.
Бирок Кулов протокол өкмөттө каралып, эки өлкөнүн парламенти тарабынан бекитилип, андан соң президент кол коюлушу керек болчу деди.
«Чек ара маселеси Конституцияда жазылган, чек аралар конституциялык тартипте гана өзгөртүлүшү мүмкүн. […] Кыргызстан менен Тажикстандын Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын буга укугу жок, алардын кол тамгаларынын эч кандай юридикалык күчү жок», — деп түшүндүрдү Кулов.
Экс-премьер Тажикстан ушул протоколго таянып талаштуу жерди өзүнүкү, ал Кыргызстанга ижарага берилген деп эсептеп жатканын кошумчалады.
«Бирок талаштуу жер ижарага берилиши мүмкүн эмес. Эл аралык жана мамлекеттер ортосундагы келишимдер менен жөнгө салынбаган талаштуу аймакты протокол аркылуу кимдир бирөөгө өткөрүп берүү — бул юридикалык нонсенс», — деди саясатчы.
Кулов Фейсбук барагында Мадумаровдун протоколго кол коюусунан кылмыштын белгилерин да көрбөй турганын кошумчалады.
«Бирок саясий [күнөө] — көрүнүп турат, себеби кошуналарга талаштуу жерди өзүнүкү деп эсептегенге негиз берилген», — деп жазды ал.
Протоколдогу талаштуу жер кайда жайгашкан?
«Азаттык» басылмасы сөз болуп жаткан 275 метр жер Баткен облусундагы чек арага жакын Көк-Таш айылында жайгашкан. Бул тилке кыргызстандыктарга Төрт-Көчө деген ат менен белгилүү.
«Ал жерден Кыргызстандын Баткен — Исфана жана Тажикстандын Ворух анклавына алып барган жолу кесилишет. Баткен менен Лейлекти байланыштырган мурдагы жол Тажикстандын Сурх, Чорку айылдарын аралап өтүп турган. 2007-жылдан кийин Баткен облусунда көз карандысыз жолдорду куруу аракети башталган. Жаңы жолдун багыты Тажикстандын айылдарын айланып, Көк-Таш айылындагы Төрт-Көчө тилкесинен Лейлек районуна өтүп кетет», — деп түшүндүрөт «Азаттык».
Чуулгандуу протокол
УКМК Мадумаров тарабынан кол коюлган протокол боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин 2019-жылы баштаган. Бирок эл өкүлүнүн өзүнүн айтымында, ал «таптакыр эч нерсе жок деп жабылып калган».
2009-жылдагы протокол 2022-жылдын январында Мадумаров бул иш боюнча Башкы прокуратурада сурак бере баштаганда кайрадан талкуунун темасына айланды. Бул боюнча президент да өз оюн айткан.
Садыр Жапаров 17-январда «Вечерний Бишкек» басылмасына берген интервьюсунда Мадумаров кол койгон протокол тууралуу Тажикстанга барганда гана билгенин айткан. Жапаров коңшу өлкөгө расмий иш сапары менен былтыр июнь айында барган.
«Алар протоколду бетиме такап, "Төрт көчө боюнча маселе 12 жыл мурда протокол менен бекиген, ал жерди силер 49 жылга арендага алгансыңар, 37 жылдан кийин узартып беришибиз мүмкүн же жабабыз, ал тилкеге кайрылып келбейбиз, башка жерлерди протоколдоштурганды уланталы" дешти», — деп айтып берген президент.
Анын айтымында, анда ал дароо эле «Адахан Мадумаровдун кол койгонго укугу жок болчу экенин, эки өлкөнүн ортосундагы делимитация жана деморкация иштери бир гана өкмөт, парламент жана президент тарабынан карала турганын» айтып жооп берген.
Жапаров эгер кыргыз тарап ал протоколго макул болуп койсо, анда Лейлек району толугу менен анклав болуп калат дейт.
«Мадумаров ошол мезгилде сокурлук кылганбы же анын башка материалдык кызыкчылыгы болгонбу мен аны айта албаймын. Бүгүн болсо "буга чейин көптөгөн комиссия карап чыгып, алардын баары бул протоколду кыргыз тараптын пайдасына чечилген деген тыянак чыгарган, ошого карабастан мени чакырып суракка алып жатышат деп айтып жатат. Бул сөзү менен көнгөн адатынча калп айтып, элдин башын айлантып, алдап жатат. […] Ал жерди берип коюу — бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык», — деп айткан президент.
Мадумаровдун жообу
Мадумаров өзү протоколго кол коюу туура чечим болгонун бир канча жолу айткан жана документ Жогорку Кеңештен колдоо таппаганын, демек анын юридикалык күчү жок деп белгилеп келет.
Саясатчынын пикиринде, бул протокол боюнча сурактар — бийликтин «Бүтүн Кыргызстандагы» партиялаштарына жана өзүнө карата кысымы.
«13 жылдан бери Мадумаровдун маңдайына кадалган бир барак. Бул жерде мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жумушчу жолугушуусу деп жазылып турат. Үчүнчүдөн, бул эки мамлекеттин ортосундагы маселелерди ички процедураларды аткаруу менен чечсин деп турат… ошону менен бул кагаз таптакыр күчүн жоготот», — деген Мадумаров 19-январда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында.
Тема боюнча окуңуз: «Президент элди адаштырып жатат». «Бүтүн Кыргызстан» Мадумаровду коргоп кайрылуу жасады