Мадумаров сурактан чыгып өзүнө жана партиялаштарына кысым болууда деп билдирди

Парламенттин депутаты жана «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурадагы сурактан чыкты. Эл өкүлү суракта экени 14-январда эртең менен белгилүү болгон.

Мадумаровдун айтымында, эртең менен үйүнүн чыгып жатып, дарбазасынын сыртынан ондогон кишини көргөн. Алардын баары ИИМдин, УКМКнын жана прокуратуранын өкүлдөрү болгон.

Көзөмөл органы депутат суракка кайсы иш боюнча жана ким катары чакыртылганын билдирген эмес. Сурактан чыккандан кийин Мадумаров журналисттерге чек ара маселелери боюнча күбө катары чакыртылганын билдирди.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери суракты өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, кысым болуп атканын билдирди. Анын айтымында, «баары президент Садыр Жапаровдун билдирүүсүнөн кийин башталган».

«2019-жылы чек ара маселеси боюнча кылмыш иши козголгон экен. Аны бардык тараптар карап көрүп, "таптакыр эч нерсе жок" деп жабылып калган экен. Ошол жабылып калган нерсени декабрда парламенттин сессиясы башталгандан тартып кайра козгоп жатышат», — деп келтирет «Азаттык» Мадумаровдун айткандарын.

Мадумаров ушул эле боюнча кайра суракка чакырылганын дагы кошумчалады.Ошондой эле эл өкүлү кысым бир гана өзүнө эмес, партиялаштарына карата да болуп жатканын билдирди. Ал 14-январда УКМКга суракка «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын депутаты Орозайым Нарматова да чакырылганын белгиледи.

«Алар айрым жаш депутаттарды ушундай чакырыктар менен коркутуп коёбуз деп ойлоп жатышса керек […] Бирок “Бүтүн Кыргызстандын" мүчөлөрүн коркута алышпайт деп ишенимдүү түрдө айта алам», — деди ал.

Президенттин билдирүүсү

Мадумаров «президенттин билдирүүлөрү» тууралуу кеп козгоо менен Жапаровдун өткөн жылы Тажикстан менен болгон чек ара чырларына байланыштуу сөздөрүн айтып жатканы анык.

Өткөн жылдын 23-октябрында президент Садыр Жапаров басма сөз жыйында 2009-жылы Мадумаров, Коопсуздук кеңештин катчысы болуп турган кезинде протоколго кол койгонун айткан. Жапаровдун айтымында, дал ушул документтин айынан Дүйшөмбү Баткендеги бир участокко ээ болгусу келүүдө.

Кийин президент Баткендин жерин саткан «саткындарды» жоопко тартууну убада кылган. Ал бул фактылар боюнча шайлоодон кийин иликтөө жүргүзүлөрүн билдирген.

2019-жылы УКМК бул протоколду текшере баштаган. Мадумаров өзү бул документке кол коюу туура чечим болгонун билдирип, аны сындап жаткандарды ачык дебатка чакырган.