«Президент элди адаштырып жатат». «Бүтүн Кыргызстан» Мадумаровду коргоп кайрылуу жасады

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңеши 18-ноябрда президент Садыр Жапаров партиянын лидери Адахан Мадумаров тууралуу негизсиз сөз айтты деп кыргызстандыктарга кайрылды.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү. Сүрөт: Партиянын сайты

Партиядан президенттин сөздөрү «негизсиз, кемсинткен, жалаа жабуу жана каралоочу» мүнөзгө ээ экенин билдиришти. Саясий кеңеш Жапаров Мадумаровду «кылмышкер, чыккынчы» деп атаганына нааразы.

Күн мурун Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» басылмасына маек куруп, Кыргызстандын Баткен облусундагы 5 гектар жерди Тажикстандан ижарага алуусу боюнча протоколго кол коюлганын — «кечирилгис чыккынчылык» деп атаган. Буга чейин ал Мадумаров бул протоколго кол коюу менен Төрт-Көчө аймагын тажик тарапка таандык деп моюндап, ал жерди аларга 49 жылга ижарага бергенин айткан. Анын айтымында, дал ушул протоколдон улам Дүйшөмбү Баткендеги ушул аймакка ээ болгусу келип жатат.

«Мамлекеттин биринчи адамынын бул билдирүүсү Адахан Мадумаровдун Кыргызстандын жараны катары, Жогорку Кеңешинин депутаты жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери катары да укуктарын одоно түрдө бузууда», — деп айтылат саясий кеңештин кайрылуусунда.

Ошондой эле партиядагылар президент «эгер тергөөгө албай койсо жашырганы үчүн өздөрү жооп беришет» деп айтуу менен укук коргоо органдарына «так» тапшырма берди деп эсептешет. Партиянын саясий кеңеши Жапаров бул айткандары менен өзүн мамлекеттик айыптоочу жана судья катары да көрсөттү деп белгиледи.

«Президенттин мындай билдирүүлөрү жана көрсөтмөлөрү мамлекетибизге жана элибизге чоң зыян алып келип, анын бүтүндүгүнө жана туруктуулугуна шек келтирет», — деп билдиришти партиядагылар.

Мындан тышкары, саясий кеңеш Жапаров кыргызстандыктарды адаштырып жатат деп кошумчалады. Партиядагылар Мадумаровду кол койгон деп айыптап жатышкан протокол сунуштоочу гана мүнөзгө ээ экенин, ошого байланыштуу Жогорку Кеңештин ратификациясына дагы жөнөтүлбөгөнүн белгилешти.

Саясий кеңеш протоколдун көчүрмөсүн жарыялап, анда «маселени кароо жана чечим кабыл алуу тиешелүү мамлекеттин жана ар бир мамлекеттин өкмөттөр аралык комиссиялары жана алардын сунушталган кызматтары менен ар бир мамлекеттин иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык ишке ашырылышы керек» деп жазылганын көрсөттү.

Партия документте жерди түздөн-түз өткөрүп берүү тууралуу көрсөтмө жок экенин да баса белгиледи.

Протокол. Сүрөт: «Бүтүн Кыргызстан» партиясы
Протокол. Сүрөт: «Бүтүн Кыргызстан» партиясы

Мурдараак Мадумаров бул документке кол коюу туура чечим болгонун айтып, протокол Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган эместигин жана анын эч кандай юридикалык күчү жоктугун белгилеген.

Мындан тышкары, депутат Жапаровдун интервьюсун сынга алып, «адамдын күнөөсү бар-жогун сот гана аныктайт» деп билдирген.

«Мен бүгүнкү күнгө чейин Садыр Жапаровдун башкы прокурор же сот болуп калганын билбептирмин. Ал бир эле убакта тергөөчү да болуп жатыптыр, бардык кишилерге аныктама да коюп жатыптыр. Бул менимче өтө чоң маданиятсыздык, өтө чоң сабатсыздык деп эсептеш керек. “Кылмышкер” деп жалгыз гана сот чечим чыгарат», — деген Мадумаров журналисттерге 17-январда.

Дагы окуңуз:

«Беттери калың экен». Жапаров акыркы саясий сурактар жана камактагы саясатчылар боюнча оюн айтты

«Эки бала оюнга тойбой калган экен». Мадумаров Башкы прокуратурада суракка алынганы тууралуу