Кара-Көл: Эркек-гинекологдон аялдарды текшербөөнү талап кылган топ боюнча текшерүү башталды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жигиттердин тобу эркек акушер-гинекологдон жумуштан кетип, аялдарды текшербөөнү талап кылышкан. Бул окуяга байланыштуу милиция текшерүү баштады. Бул тууралуу «Турмуш» жана Kaktus.media басылмалары облустук ИИБге таянып жазышты.

Гинеколог Жамгырбек Шүкүрбеков журналисттерге окуя 17-январда болгонун айтып берди. Айтымында, ага жети бала келип «сен төрөт бөлүмүндө иштебешиң керек, аялдарды караганга болбойт» деп айтышкан.

Дарыгер аларга бул анын кесиби экенин, аялдарга жардам берип жатканын айтып жооп берген. Балдардын тобу ал башка дарыгер жок болсо гана иштей аларын, «эркек-дарыгерлер аялдарды текшербеши керек» деп кошумчалашкан.

«Мен ар кандай учур болорун, бейтаптын аял-эркегине карабай жардам беришибиз керектигин түшүндүрдүм. [...] Ооруканага жыргаган адам келип көрүнбөйт. Ден соолугунун айынан келишет. Андан башка бизде атайын бирөөнү көрүү кызык эмес деген мааниде оюмду түшүндүрдүм», — деп жазды «Турмуш» басылмасы Шүкүрбек уулунун айткандарын.

Мындан тышкары, врачтын айтымында, жигиттер аны «зына кылып жатасың» деп айыптап, жумуштан кетүү кеңешин беришкен. Жигиттердин тобу мэрияга да барып даттанышаарын, шариатта «зына кылган адамды таш бараңга алышат» деп кошумчалашкан.

Оорукананын директору эмне дейт?

Жалпы медициналык практика борборунун директору Абдулбакы Ырысбеков «Турмуштун» журналисттерине Шүкүрбек уулу ординатурага тапшырып, үч жылдан бери акушер-гинеколог болуп иштеп жатканын айтты.

«Азыр төрөт үйүндө бир гана гинеколог бар, ал эми эки ординатор жардамчы болуп иштешет. Ошонун бири — Шүкүрбек уулу Жамгыр. Төрөт бөлүмүндө бир гинеколог иштегенде өтө кыйын болуп калат экен», — деди Ырысбеков.

Директор Кара-Көл шаарында мындай адистер жетишсиз болгондуктан, Шүкүрбек уулуна башкы акушер-гинекологдукту өздөштүрүүнү өз кесиптештери суранганын кошумчалады. Мындай адистерди тартуу үчүн оорукана кызматкерлери түрдүү органдарга кайрылып, кат да жазышканын айтты.

Жалал-Абад облустук калктын репродукциясы борборунун башкы дарыгери Айнура Давлетова оорукананын кадрдык саясатына кийлигишүүнү туура эмес деп эсептейт.

«Бизге эненин аман-эсен көз жарып, ымыркайын кучагына алганы маанилүү. Ансыз да биздин дубанда 17 акушер-гинеколог жетишпейт, дагы эки дарыгер кете турганын айтып жатышат. Бул да биз үчүн маселе болот. Адисти адистей кабыл алуу керек», — деди ал.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы бул окуя боюнча текшерүүлөр башталганын билдирди. Иштин материалдары Кара-Көл шаардык ИИБде каттоого алынды.