Чаткал: Кар көчкү түшүп, алтын казган ишкананын эки кызматкери каза тапты

Сүрөт: ӨКМ

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 21-январда кар көчкү түшүп, алтын казган «Вертекс Голд» компаниясынын 31 жана 30 жаштагы эки кызматкери каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кар көчкү Ала — Бука — Жаны — Базар — Кировка унаа жолунун 203-чакырымындагы Жамгыр жана Мырзаш тилкесинин ортосундагы унаа жүрүүчү жолго түшкөн. Компаниянын кызматкерлери кар көчкү түшүү коркунучу жаралган жерлерге байкоо жүргүзүп жаткан учурда кар басып калган.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин 5 куткаруучусу, «Вертекс Голд» компаниясынын оор техникалары жана ишкананын 120 кызматкери тартылган.

«Саат 17:30да Токтогул районунун тургуну 31 жаштагы "А. уулу Ж.нын" сөөгү табылган. Арадан 1,5 саат убакыт өткөндөн кийин Бишкек шаарынын 30 жаштагы тургуну "Ж.А.нын" сөөгү кар астынан чыгарылган», — деп жазылат маалыматта.

Учурда маркумдардын сөөгү укук коргоо органындарына өткөрүлүп берилип, тергөө иштери уланууда.