Казакстанда дагы бир кыргызстандык күч органдары тарабынан сабалганы белгилүү болду

Казакстанда күч органдарынын кызматкерлери дагы бир кыргызстандыкты сабап салышканы белгилүү болду. Бул тууралуу Алматыдан көптөгөн жаракаттар менен келип ооруканага жаткырылган Чолпонбек Сыдыков билдирди.

Маданият ишмери Ассоль Молдокматова Сыдыков менен бирге камерада дагы бир кыргызстандык бар экенин айткан видеону жарыялады. Молдокматованын айтымында, анын аты-жөнү Алтынбек Сүйүнбек уулу.

Бул маалыматты Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов тастыктады. Анын айтымында, кыргызстандык табылган, коопсуздугу толук сакталган. Ал кийинчерээк тагыраак маалымат берүүнү убадалады.

Сыдыков өзү оруканага оор абалда жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кыргызстандыктын баш мээси жабык жаракат алган, мээси чайкалып, кабыргалары көп жолу сынган, эки бутунун балтыр сөөктөрү жылышып, ачык сынган.

Чолпонбек Сыдыковду 9-январга караган түнү Алматы шаарында жергиликтүү күч органдары кармашкан. Анын убактылуу каттоосунун мөөнөтү бүтүп, мекенине кайтып бара жаткан жеринен блокпосттон кармашкан. Кыргыз жараны 11 күндөн кийин Алатау районунун оруканасынан табылган.

«Тепкич аркылуу чыктык, андан соң бир коридорго алып киришти. Ал жерден дубалга такап тизип алып, сабап башташты. Баарыбызды токмоктошту. Баарыбыз кыйкырып жаттык. Сабай беришти, мисалы эртең менен саат 10до башташса, түшкө жакын менин буттарымды сындырышты. Муштап, тепкилеп, дубинкалар менен сабашты», — деп айтып берген Сыдыков өзү кармалгандан кийинки учурду.

Чолпонбек Сыдыков 20-январда тез жардам унаасы менен мекенине алынып келинген. Кыргызстанга келгенден кийин дароо Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.