Минкаб: 1-апрелден тарта бардык маморгандар электрондук документ жүгүртүүгө өтөт

1-апрелден тарта Кыргызстандын бардык мамлекеттик органдары толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөт. Бул тууралуу 20-январдагы жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Минкабдын басма сөз кызматынын маалыматына ылйык, жыйында Infodocs, e-kyzmat жана «Санарип аймагы» маалыматтык системаларын аймактарга жана айыл өкмөттөрүнө киргизүүдө келип чыккан көйгөйлөр талкууланган.

Жапаровдун айтымында, электрондук документ жүгүртүү системасына кошулууда эң төмөнкү көрсөткүч Чүй облусундагы мамлекеттик органдар арасында байкалат. Ал жерде 105 айыл өкмөттүн 74ү гана электрондук документ жүгүртүү системасына кошулган.

«Мындай көрсөткүчтөргө жол берилбеши керек. 1-марттан тарта Президенттин администрациясы кагаз түрүндөгү документтерди кабыл алууну токтотуп, 1-апрелден тарта бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөт. Тездетүү керек, бул учурдун талабы. Коңшу мамлекеттер электрондук документ жүгүртүүгө өткөн, ал эми биз аны жасай албай жатабыз», — деп белгиледи Жапаров.

Минкабдын 20-январдагы жыйыны. Сүрөт:  Минкабдын басма сөз кызматы.

Буга чейин президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине электрондук документ жүгүртүүнү киргизүүнү тездетүүнү тапшырганы маалымдалган. 25-декабрдагы өкмөт жыйынында ал электрондук документ жүгүртүү системасына өтүүгө даярдык көрүү үчүн 15 күн берген.

«Бардыгы кошулат»

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан электрондук документ жүгүртүүгө өтүү «акырындык менен» жүрүп жатканын жана президент тарабынан коюлган тапшырманы «аяктоо керектигин» белгилешти.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги өлкө боюнча Infodocs системасына 941 мамлекеттик орган кошулганын билдирди. Буга ылайык, 452 айыл өкмөттүн 400ү кошулган.

Жети облустун бешинде айыл өкмөттөрдүн 94%дан ашыгы электрондук документ жүгүртүүгө туташтырылган. Артта калгандар Чүй жана Ош облустары — ал жакта 74% жана 76% айыл өкмөттөрү электрондук документ жүгүртүү системасына кошулган.

Infodocs — бул мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана мамлекеттик ишканаларда иш процессин автоматташтыруу үчүн иштелип чыккан маалымат системасы.

Infodocs системасы. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, система ишке киргенден бери мамлекеттик органдарда 2,4 миллион документ катталган, ал эми электрондук документ жүгүртүү системасын колдонуучулардын саны 35 миң мамлекеттик жана муниципалдык органдарды түзөт.

«Бүгүнкү күндө министрликтин жана КР Президентинин Аппаратынын, Тышкы иштер министрлигинин, Экономика министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Улуттук статистика комитетинин ортосундагы кат алышуулар электрондук форматта, ЭДС аркылуу гана жүргүзүлүп жатат», — деп санариптештирүү министрлигинен билдиришти.

Мекеме Infodocs иштеп чыккан «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери, мамлекеттик органдарга электрондук документ жүгүртүүнү киргизүүгө жана мамлекеттик кызматкерлерди система менен иштөөгө үйрөтүүгө жардам берип жатканын белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы 20-январдагы жыйында быйылкы жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кызматкерлер электрондук документ жүгүртүү тутумун билүү жана калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү боюнча аттестациядан өтөрүн билдирди.

Жыйынтыгында Жапаров аймактарда окуу семинарларын өткөрүү үчүн президенттик аппараттын жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлеринин ичинен топторду уюштурууну тапшырды.