«Ачык коом курабыз деген бийликке көлөкө түшүрдү». Жанар Акаев Темировдун кармалышы тууралуу

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Фейсбук барагы аркылуу иликтөөчү-журналист Болот Темировдун кармалышын сынга алды. Ал бул окуя тыкыр иликтениши керек деп белгиледи.

Жанар Акаев.

«Бул факты ачык коом курабыз деген бийликтин аракетине чоң көлөкө түшүрдү! Темиров эмне жоон топ спецназ келип кармачу Кыргызстандагы эң кооптуу кылмышкерби? Мыйзам бузса, мыйзамдын алкагында чакыруу берип, суроо сопкут кылса болбойт беле?» — деп баса белгиледи эл өкүлү.

Акаев журналисттик иликтөөлөр коррупция менен күрөшүү ниети бар өкмөткө пайдасы гана тиерин белгиледи.

«Кыргызстанда жалгыз мактанарыбыз сөз эркиндигибиз жана эркин коом. Алар иликтеген материалдар коррупция менен күрөшүү ниети бар бийликке пайдасы гана тиет. Басма сөз эркиндигин эч бир бийлик күч менен баса албайт. Буга чейинкилери да, азыркылар да, мындан кийинкилер да! Ошондуктан, акыл калчап, эркин журналистти бошотуп, сын айткандын баарын душман көрбөй айкөлдүк принциби менен иш алып баруу зарыл. Болоттун кылмыш дүйнөсүнүн мүчөсүндөй болуп орой кармалышы, башка иликтөөчү журналисттерди чочутат. Бул ишти сөзсүз комиссия иликтеши керек жана мындай өзүм билемдик кылгандар жоопко тартылыш керек, кийин эркин медиага, журналисттерге мындай өкүмзор мамиле жасалбагандай болсун», — деп жазды саясатчы.

Буга чейин укук коргоо органынын кызматкерлери Temirov LIVE каналынын иликтөөчү журналисттеринин кеңсесине бастырып кирип, аларды полго жаткырып тинтүүгө алып, Болот Темировду кармап кетишкен. Башка журналисттер менен бирге эки саатка жакын кармалып турган иш бөлмөсүнөн чыгып баратып Темиров «Мага чагымчылдык болду, салып коюшту» деп айтууга үлгүргөн.

Ошондой эле, Temirov Live’дын кызматкерлери Болот Темировдун чөнтөгүнө белгисиз баштыкчаны салганын көрүшкөн. Укук коргоо органдары кеңседен компьютердин процессорун, хард-дисктерди, документтерди, камераларды алып чыгып кетишкен.

Анаша салынган баштыкчага байланышкан тергөө иштерине журналисттик иликтөөнүн материалдары сакталган дисктердин кандай тиешеси бар экени түшүнүксүз.

Андан соң Темировду Бишкек ШИИБге алып кетип, наркология борборуна жеткиришкен. Экспертиза журналисттин канында баңгизат жок экенин көрсөткөн. Бирок Темировду дагы деле ШИИБде кармап турушат.