«Акынды камаган бийликтин келечеги жок». Болот Назаровду колдоп төкмө акындар төгүп жатышат

Журналисттик иликтөөлөрдү чыгарган Temirov Live менен кызматташып келген төкмө акын Болот Назаровду колдоп, митигге төкмө акындар да чыкты. Алар Назаров «баңгизат колдонбогонун айтып», аны бошотууну талап кылышууда.

ИИМдин имаратынын алдындагы нааразычылык акцияга Назаровду колдоп төкмө акындар Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов, Акматбек Султан уулу жана манасчылар келишти.

Төкмө акын Акматбек Султан уулу «Назаровду камоо — бүткүл кыргызстандыктарды камаганга барабар» деп козүнө жаш алды.

«Болоттун камалганы биздин жүрөгүбүзгө абдан катуу тийди. Акындарга мамлекет кам көрүүнүн ордуна камап атканы оор болду. Мен Болотту жети жылдан бери тааныйм. Ал ак жүрөк жигит, шаарда үйү жок, батирде жайшайт. Азыркы учурда жашоодо абдан кыйналып жүрөт. Ошого жемкорлор кам көргөндүн ордуна чындыкты айтса камап коюйгону — бул кыргыз элин бүт камаган менен барабар десек болот. Бул дүйнөдөн миңдеген адамдар өтөт. Бирок чындыкты айткан акындар өмүр боюу эсте калат», — деди ал.

Ал эми Эл акыны Азамат Болгонбаев акынды камоо 30 жылдык тарыхта биринчи жолу болу болуп жатканын айтып, бийликти сындады.

«Акаевдин, Бакиевдин жана Атамбаевдин убагында акындар тарабынан бийликке ачуу сөздөр айтылган. Акындарды чыгармачылыгына шылтоо кылып, акыйкат сөзүн айтканын ошону токтотуш үчүн башка бир шылтоолорду негиз кылып камап атканы тарыхта биринчи жолу болуп атат. Акындын эркиндигин чектеген бийликтин эртеңки күнү болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан, акынга боштондукту талап кылышыбыз керек. Болот Назаровду бошотсун, андан кийин башка маселелерин тергей берсин», — деди ал.

«Айтыш» фондунун тең төрагасы Асылбек Маратов Болот Назаров «акыйкатты төгүп келгенин» белгилеп, аталган аракеттерди «оозду жабуу» катары баалады.

«Болотко өчөшө турган анын анчалык байлыгы жок. Болоттун үйү дагы, автоунаасы дагы жок. Болоттун бошотушун гана талап кылабыз. Ал азыр кайда экени тууралуу дагы так маалымат жок. Ал чындыгында акыйкат үчүн ырдап келген. Бүгүн оозубузду жаба турган болсок, эртең төкмө акындар оозубузду тигип алышыбыз керек болот», — деп көзүнө жаш алды Маратов.

Учурда митингчилер Болот Назаров кармалып турган Бишкек ШИИББнын имаратынын алдына келишти. Имараттын алдында төкмө акындар бийликти кескин сындап, комуз менен төгүп турушат.

Ал арада Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азабеков Болот Назаров менен жолугуп, сүйлөшүп чыкканын айтып, ал өзүнө коюлган айыптарды четке какканын билдирди.

«Болот Назаров менен сүйлөшүп чыктым. Ага тагылган айыптарга макул эмес экен. Өзүнүн арызын жазып берди. Ал “баңгизат сатып алганга же болбосо баңгизатка тиешем жок. Наркотик эмес, нан алганга бир сом акчам жок. 10 метр алыс жерге наркотик ыргытып коюп камашты. Менин колумду жана канымды текшере элек деди. Экспертизадан кандай чыкса дагы колдорум баардыгы таза” дейт. Биз муну Болот менен тыгыз байланышта болуп, иликтейбиз», — деди ал.

Ошондой эле, ал Назаровго эч кандай кыйноо болбогонунун айтып, түндө уктабаганга башы ооруп жатканын белгиледи. Азарбековдун айтымында, бул иш боюнча Болот Темиров менен дагы сүйлөшүп, андан дагы арыз алынат.