Күндүн сүрөтү: Мен Сен Болот Темиров

Сүрөтчү Татьяна Зеленская иликтөөчү-журналист Болот Темировго арналган жаңы арт жарыялады.

22-январда иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине ит ээрчиткен беткапчан адамдар кирип келип, журналисттердин баарын жерге жаткырып, тинтүүгө алышкан. Андан соң алар иликтөөчү Болот Темировдун чөнтөгүнө целлофан баштыкка оролгон буюмду салып, көп өтпөй алып чыгып баңгизат таап алышканын жарыялашкан.

Өздөрүн Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерибиз деп тааныштырган адамдар Болот Темировдун кеңсесинен процессор, камера жана документтерди алып чыгып кеткен. Аны менен катар журналист Болот Темиров кармалган.

Кыргызстандын медиа коомчулугу кайрылуу жасап, күч түзүмдөрүнүн аракеттери журналисттердин ишмердүүлүгүнө тикелей кысым көрсөтүү экенин белгилешкен. Бишкекте, Ошто жана Караколдо журналисттер, активисттер жана укук коргоочулар митингге чыгып, Болот Темировду бошотууну талап кылышкан. Алар бул Кыргызстандагы сөз эркиндигине кол салуу экенин айтып жатышты.

23-январда Темиров эч жакка кетпөө тил катынын негизинде чыгарылган, бирок тергөө иштери улана берет. Темировго сатуу максатын көздөбөстөн, баңгизат даярдоо боюнча айып тагылган. Ошондой эле айып анын кесиптеши Болот Назаровго дагы ушундай эле айып тагылганы айтылды. Ошол күнү Назаров жумуш ордунда жок болгон. Кийинчирээк ал дагы кармалганы белгилүү болгон, бирок кесиптештери аны менен байланыша албай койгон — Темиров акынга дагы баңгизат салып коюшканын айткан.

Мунун бардыгы УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин үй бүлөсү тууралуу иликтөө чыккандан кийин башталган.