COVID-19: Эки бейтап каза болду, жаңы 426 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда 24-январга карата COVID-19 менен ооруп жаткан эки адам каза болуп, жуктуруунун 426 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында — 314;
  • Чүй облусунда — 44;
  • Баткен облусунда — 22;
  • Жалал-Абад облусунда — 18;
  • Ысык-Көл облусунда — 10;
  • Ош шаарында — 10;
  • Талас облусунда — 4;
  • Нарын облусунда — 4.

Ошондой эле, 24-январга карата жалпы республика боюнча 589 адам оорудан айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 195 820га жетти. Ал эми өлкө боюнча 183 517 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 851 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 1 176, ал эми үй шартында 6 780 адам дарыланып жатат.