COVID-19: Үч бейтап каза болду, 412 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда 25-январга карата коронавирустун 412 жаңы учуру катталып, үч адам көз жумду. Ошондой эле оорудан 511 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаары — 242;
  • Чүй облусу — 91;
  • Жалал-Абад облусу — 37;
  • Баткен облусу — 12;
  • Ысык-Көл облусу — 12;
  • Ош облусу — 9;
  • Талас облусу — 5;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ош шаары — 2.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 196 232ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 184 028 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 854 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 1 139 бейтап, ал эми үй шартында 6 709 адам дарыланып жатат.