Электр энергиянын өчүшүн иликтөө үчүн мамлекеттер аралык комиссия түзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана энергетика министри Доскул Бекмурзаев 25-январда маалымат жыйын курду. Анда алар Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында эки сааттан ашык убакытка электр энергиясы өчкөнү боюнча түшүндүрмө беришти.

Жапаров электр энергия Казакстанда же Өзбекстанда жаралган мүчүлүктүктөрдөн улам үзгүлтүккө учураган деп божомолдоду. Анын айтымында, Кыргызстандын энергосистемасында эч кандай бузуулар катталган эмес жана муну бийлик далилдеп берүүгө даяр.

Ал эми энергетика министри учурдагы кырдаалды «форс-мажор» деп атады. Бекмурзаев Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын бирдиктүү энергетикалык шакегиндеги аварияны себебин аныктоо үчүн мамлекеттер аралык комиссия түзүлөт деп билдирди.

Ошондой эле Бекмурзаев мындай масштабдуу авария «Борбор Азиянын 30 жылдык тарыхында биринчи ирет болгонун» белгиледи.

«Мурда майда авариялар болчу, бирок бир гана өлкөдө кездешет эле. Анда бири-бирибизге жардам берип, кырдаалдан чыгып кетчүбүз. Азыр үч өлкөнүн тең энергетиктери бири-бири менен тыгыз байланышта иштеп жатат [...] Кечки убакытка чейин чейин өлкөнүн бардык аймагында жарык күйүп калат», — деп ишендирди Бекмурзаев.

Энергетика министри Бишкек ЖЭБинде «авария болбогонун» белгиледи. Анын айтымында, борбор калаага жылуулук түнгө чейин берилет.

25-январда саат 12:00 чамасында Кыргызстандын көпчүлүк аймагында, Казакстандын түштүгүндө жана Өзбекстандын Ташкент шаарында электр энергиясы өчкөн.

Алгач Өзбекстандын энергетика министрлигинин басма сөз кызматы өлкөнүн энергосистемасында саат 11:00 чамасында ири авария катталганын кабарлаган. Кийинчерээк Өзбекстандын энергетика министрлиги электр энергиясынын өчүшү Казакстандын аймагында болгон авариядан улам келип чыкканын маалымдаган.

Бирок казак тарап электр энергиясынын өчүшүнө Өзбекстан менен Кыргызстандын энергосистемасында электр тармагындагы кубаттуулуктун жогорулашы себеп болду деп билдирген.

Электр энергиясынын өчүшү интернет жана мобилдик байланыштын, ошондой эле ысык жана муздак суунун берилиши үзгүлтүккө учурашына алып келген.

Саат 14:30дар чамасында Бишкекте, Ошто жана да Кыргызстандын бир катар облустук райондордо электр энергиясы бериле баштады.