«Бишкек» эркин экономикалык чөлкөмүндө алтынды бөлүп алуучу көмүскө фабрика табылды

«Бишкек» эркин экономикалык чөлкөмүндө (ЭЭЧ) алтынды бөлүп алуу боюнча мыйзамсыз ишмердик жүргүзүлүп келген. Бул тууралуу 26-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон мыйзам бузуу Бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте аныкталганын белгилешти.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жеке фирмалардын бири уруксат берүүчү документтери жок көп убакыттан бери алтынды бөлүп алуу ишмердигин жүргүзүп келген. Фирма техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарын бузган.

Башкы прокуратура компания өз ишин «Бажы кызматынын жана “Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмүнүн кызмат адамдарынын колдоосу менен» жүргүзгөн деп эсептейт.

«Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

2021-жылдын 5-сентябрында УКМК «Бишкек» ЭЭЧте майнинг-фермасын аныктаган. Ведомствонун маалыматына ылайык, ал мыйзамсыз иштеген.