Бишкекте эки маршрутка кагышып, 18 адам жабыркады, экөө — оор абалда

26-январда Бишкекте Элебесов-Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде эки маршрутка кагышты. Саламаттык сактоо министрлиги кырсыктан 18 адам жабыркаганын кабарлады. Алардын арасында жаш балдар жок.

«Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө эки жабырлануучу сынык жаракаттары менен жаткырылды, дарыгерлер алардын абалын оор деп айтышууда. Дагы төрт жабырлануучу баш мээси чайкалып, хирургия жана нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылды», — деп билдиришти Саламаттык сактоо министрлигинен.

Ведомстводон он бир жабырлануучу биринчи медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилгенин кошумчалашты. Дагы бир жабырлануучу Улуттук госпиталдын нейрожаракат бөлүмүнө орто абалда жеткирилген.

Кайгуул милициясынан жол кырсыгы саат 12:30дар чамасында катталганын билдиришти. Жол кырсыгына №130 жана №193 каттамындагы маршруткалар учураган.

«Алдын ала маалымат боюнча, 193-маршрутка “каршы тилкеге” чыккан. Кырсыктан жеңил унаа дагы жабыркаган. Жеринде Кайгуул кызматынын инспекторлору иштеп жатат», — деп түшүндүрүштү милициядан.

Бишкекте маршруткалар кабылган кырсыктар көп эле катталат. Алсак, 2021-жылдын ноябрында ушундай эле жол кырсыгынан маршрутканын айдоочусу каза болуп, анда дагы 18 киши жаракат алган.