Чек ара кызматы: Тажик тарап миномёт жана гранатомёт колдонуп жатат

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу деп бааланып жатканын билдирди.

«Тажик тарап миномёт жана гранатамёт колдонуп жатат», — деп билдирди ведомство.

Жаңжал Тажикстандын чек арачылары Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагында саат 17:30дан 18:00гө чейин жарым саат жол тосушканда күчөй баштаган.

Жаңжалга жол бербөө үчүн жерине полковник Кыялбек Төлөнбаев, Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, ошондой эле Чек ара отрядынын полковниги Рустан Миршакиров жөнөп кетти.

Жаңжалды алгач жөнгө салууга мүмкүн болгон, бирок Тажикстан тараптан ок чыгаруу башталган.

«Мурдараак, такталган маалыматтар боюнча, Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагындагы жол тилкеси Тажикстандын жарандары тарабынан тосулуп турган, 2022-жылдын 27-январынын саат 19:30 карата Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өтүү үчүн ачылган», — деп билдирди Чек ара кызматы.

Ал эми саат 19:35те Тажикстан тарап Кыргызстандын чек арачыларына ок ата баштады. Бул окуя Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында катталды.

«Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аскерлери негизинен Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарында атышып жатат», — деп билдирди чек ара кызматы.

Тажикстан тарап эмне дейт?

Тажикстандын «Озоди» басылмасы Исфара аймагынын администарциясына жана жашоочуларына таянып, алгач жолду кыргызстандыктар тосуп алганын жазды. Абалды турукташтыруу чаралары талкууланып жатат.

Кыргыз-тажик чек-арасындагы акыркы ири куралдуу жаңжал

Тактала элек чек ара тилкеси чек арага жакын жайгашкан конуштарында — жер, суу жана чек арадан мыйзамсыз өтүү маселелеринде көптөгөн чыр-чатактардын чыгышына себепкер болот. Акыркы ири жаңжал 28-апрелде башталып, 1-майга чейин созулган.

Ал күнү өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы *«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин жаңжалды баштады деп айыпташкан.

Эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 154 адам жабыркаган. Тажикстандын расмий маалыматы боюнча каза тапкандардын саны 19, ал эми жаракат алгандардын саны 87ге жеткен.