Маруфхан Туллаев: Жаңжалдын алдында тажик жарандары макулдашпай чек арада курулуш баштаган

Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Туллаев Тажикстан макулдашуусуз чек арага жакын аймакта курулуш иштерин баштаганын билдирди.

«Биз сураштырып маалымат алганда тажик тарап чек арага жакын жерде курулуш иштерин баштаган. Күч түзүмдөрү барып эскертүү берип, “тынч жаткан элди дүрбөлөңгө салбай, чагымчылдыккка барбай токтотуп тургула” деген эскертүүсүнө баш ийбей уланта баштаган. Ошол жерде жашаган эл жолго чыгып жолду тосуп алган», — деди ал.

Жаңжал жөнгө салынып, трассада унаа кыймылга келгени менен андан көп өтпөй ок атышуу башталды.

«Жерине барып сүйлөшкөндө жол ачылып кыймыл ирээтке келген. Бирок 5-7 мүнөттөн кийин ок атышуулар башталып кеткен. Азыркы учурда облус жетекчиси, район жетекчиси күч түзүмдөрү бардыгы тажик кесиптештери менен сүйлөшүп жатат. Чек ара тилкесине жакын аймактагы жашоочуларды биз чыгарып кетүүгө аркеттерди жасадык», — деп түшүндүрдү Туллаев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу

Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы Баткен — Исфана авто жолунун Төрт-Көчө аймагындагы тилке саат 17:30дан 18:00ге чейин Тажикстандын чек арачылары тарабынан тосулганын маалымдады. Ага чейин жолго тажик жарандары таш төгүшкөнүн билдиришти.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол саат 19:30да ачылган. Бирок кайра эле саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп кеткен.

Тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан. Ошондон кийин

Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарында ок атышуу башталган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тажик тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын маалымдашты. Учурда абал чыңалуу бойдон калууда, чек ара отряддары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Ок атышуу башталгандан кийин Баткен облусунун чек арага чектеш Орто-Боз, Көк-Терек, Үч-Дөбө, Ак-Татыр айылдарынын тургундары үйлөрүн өз алдынча таштап кетип башташты. Бул тууралуу жергиликтүү журналист Миңгүл Көчөрова Фейсбук барагында билдирди.