Төрөбаев: Шайырбек Ташиев мандатын тапшырууну чечти

УКМКнын төрагасынын иниси, депутат Шайырбек Ташиев мандатын тапшырып берүүнү чечти. Бул тууралуу 26-январда «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Фейсбук барагында билдирди.

Анын айтымында, ага фракция лидери катары Шайырбек Ташиевден ушундай чичим кабыл алганы тууралуу кайрылуу келип түшкөн.

«Мындан сырткары, республикабыздын булуң-бурчундагы шайлоочулардан да кайрылуулар түшүп жатат. Бул маселе (Ташиевдин мандаты) фракциянын жыйынында каралат», — деп жазды Төрөбаев.

Буга чейин 26-январда Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов Шайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз менен кайрыла электигин кабарлаган болчу.

Саясатта бир эле Ташиев калат

23-январдагы басма сөз жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырарын айткан.

Мындай билдирүүнү ал Temirov LIVE’дын журналисттери Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн Кыргызстандагы күйүүчү май бизнеси менен байланышы тууралуу иликтөөсүн жарыялагандан кийин жасаган. Иликтөөдө Шайырбек Ташиев агасы экөөнүн жээни Байгазы Матисаков «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясынын туундуу «Кыргыз Петролеум Компании» ишканасын башкарарын ырастаган. Ошондой эле журналисттер Шайырбек Ташиев Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү «Регион ойл» заводунун жетекчиси экенин дагы аныкташкан.

Камчыбек Ташиев алардын үй-бүлөсүндө эки-үч саясатчы болбой турганын белгилеген.

«Коомдогу сын пикирлерди угуп жаткан соң мен иниме [Шайырбек Ташиевге] “бир үйдөн бир эле саясатчы чыксын, сен мандатыңды тапшыр” дедим. Ал [парламенттин] келерки шаршембидеги отурумунда депутаттыктан баш тартат. Ташиевдердин үй-бүлөсүндө эки-үч саясатчы болбойт, мен кызматтан кеткенден кийин каалаган кызматка келип иштей берсин», — деген Ташиев.

Temirov Live’дын иликтөөсүдөгү маалыматтардын бир бөлүгүн дал ушул Шайырбек Ташиев тастыктаган.

Шайырбек Ташиев Жогорку Кеңешке Жалал-Абаддагы №14 бир мандаттуу округунан шайланган. Эгер ал мандатын тапшырса, мыйзам боюнча бул округда кайра шайлоо дайындалат.