Шайырбек Ташиевди колдоп 8 киши Ак үйдүн алдында митингге чыкты

Бишкекте «Ак үйдүн» алдында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси — депутат Шайырбек Ташиевди колдоо митинги өттү.

Митингге сегиз киши чыгып, колдоруна «Ташиев — элдин уулу», «Шайырбек кеткенге укугуң жок!» деген плакаттарды көтөрүп турушту.

Нааразычылык акциясына чыккандар Ташиевди эл шайлаганын билдиришти.

Акциянын катышуучуларынын бири Куштарбек Кыдыралиев митингге өлкөнүн жети дубанынан келген адамдар катышканын айтты. Анын пикиринде, Камчыбек Ташиевдин Шайырбек Ташиевге мандатын тапшыр деп айтууга укугу жок.

«Шайырбек Ташиевди 20 миң адам шайлаган. Эмне үчүн ал эки “курттун” айынан кетиши керек? Эгер керек болсо депутаттарды эл өзү шайлайт жана өзү кетирет. Биздин депутатты жайына койгулачы, беш жыл иштесинчи», — деди Кыдыралиев.

Сүрөт: 24.kg. Ак үйдүн алдында Шайырбек Ташиевди колдоого чыккан митингчилер

Ал эми 25-январда ушул эле активисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге карата кара пиарды токтотууну суранып пресс-конференция өткөрүшкөн.

Алар «Кыргызстан гүлдөп жатса, журналисттер аны талкалап жатышат» деп билдиришкен. Шайырбек Ташиевден мандатын тапшырбоосун дагы өтүнүшкөн.

Factcheck.kg маалымат жыйындын уюштуруучулары кайсы демилгелери менен белгилүү экендигин текшерип, алар президент Садыр Жапаровду дагы активдүү колдошорун аныкташкан.

Саясатта бир эле Ташиев калат

23-январдагы басма сөз жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иниси Шайырбек Ташиев мандатын тапшырарын айткан.

Мындай билдирүүнү ал Temirov LIVE’дын журналисттери Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн Кыргызстандагы күйүүчү май бизнеси менен байланышы тууралуу иликтөөсүн жарыялагандан кийин жасаган. Иликтөөдө Шайырбек Ташиев агасы экөөнүн жээни Байгазы Матисаков «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясынын туундуу «Кыргыз Петролеум Компании» ишканасын башкарарын ырастаган. Ошондой эле журналисттер Шайырбек Ташиев Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү «Регион ойл» заводунун жетекчиси экенин дагы аныкташкан.

Камчыбек Ташиев алардын үй-бүлөсүндө эки-үч саясатчы болбой турганын белгилеген.

«Коомдогу сын пикирлерди угуп жаткан соң мен иниме [Шайырбек Ташиевге] “бир үйдөн бир эле саясатчы чыксын, сен мандатыңды тапшыр” дедим. Ал [парламенттин] келерки шаршембидеги отурумунда депутаттыктан баш тартат. Ташиевдердин үй-бүлөсүндө эки-үч саясатчы болбойт, мен кызматтан кеткенден кийин каалаган кызматка келип иштей берсин», — деген Ташиев.

Temirov Live’дын иликтөөсүдөгү маалыматтардын бир бөлүгүн дал ушул Шайырбек Ташиев тастыктаган.

Шайырбек Ташиев эмне жооп берди?

Камчыбек Ташиевдин иниси — Шайырбек Ташиев үн ката элек. Агасынын мандат тууралуу билидирүүсүнөн бери үч күн өткөнү менен Шайырбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз менен кайрыла элек.

БШКнын маалыматына ылайык, комиссиянын мүчөлөрү Жалал-Абад бир мандаттуу округунда кайра шайлоонун күнүн Шайырбек Ташиев мандатын тапшыргандан кийин белгиленет.

Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов 26-январда эгер Ташиев парламенттен кете турган болсо, анда Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округунда кайра шайлоо дайындалбай эле жаңы шайлоо өтөт деп билдирди.

«Мандатын тапшырган эл өкүлү жарышка катыша албайт. Талапкерлердин саны чектелген эмес», — деди ал.

Шайырбек Ташиев Жогорку Кеңешке Жалал-Абаддагы №14 бир мандаттуу округунан шайланган. Эгер ал мандатын тапшырса, мыйзам боюнча бул округда кайра шайлоо дайындалат.