Таксист президентке арызданган соң кызын уурдап кетүү коркутуусу келип жатканын билдирди

Таксист Нурилло Якубов Kaktus.media’нын журналисттине ага коркутуулар болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, коркутуулар 2021-жылдын күзүндө дарыгерлердин шалаакылыгы жана көрүстөндөгү жер сатуулар боюнча президент Садыр Жапаровго арызданган соң башталган.

Видео: Kaktus.media. Нурилло Якубов

Андан кийин, Якубовдун айтымында, белгисиз адамдар аны өлтүрүп же «майып кылып коюшарын», ал эми кызын — уурдап кетишерин айтып коркутушкан. Мындан улам кызын бир айдан бери бала бакчага алып баруудан коркуп жатат.

«23-декабрда кызымды бала бакчадан алып келе жатканда номери жок Subaru үлгүсүндөгү унаа жолдон мени кысты. Кызымды жакында уурдап кетишерин айтышты. […] “жогорку жактагы” бирөөнүн жолун торогонсуң дешүүдө. Мен кимдин жолун торогонумду билгим келет», — деп айтып берди Якубов журналистке.

Якубов коркутуулардан улам УКМКга кайрылган, бирок ал жактан прокуратура же Бишкек ШИИБне жөнөтүшкөн. Бирок ал аталган органдарга кайрылган эмес, себеби «эч кимге ишенбейт».

Таксист коомчулуктун жардамына муктаж экенин, болгону кайсыл аткаминердин жолун тороп койгонун билгиси келерин айтты.

«Президент менен Ташиев коррупцияны ачыктап чыккандарды коргойбуз деп айтышкан эле. Мен бардык фактыларды келтирдим, бирок андан да жаман болуп кетти», — деп белгиледи Якубов.

Таксисттин арыз-муңу

Нурилло Якубовдун тагдыры тууралуу «Кактустун» журналисттери 2021-жылдын жайында айтып чыгышкан. Ал үч жашар кызы менен такси айдап нан табууга мажбур болгон — аялы уулу төрөлгөндөн кийин дароо он эки эли ичегинин жарасынан улам каза тапкан.

Анын айтымында, жубайы кош бойлуу кезинде ооруп жатам деп даттанганын көргөн эмес — аялынын өлүмүнө врачтарды күнөөлөгөн. Ал врачтар жубайына кесарево операциясын жасап, үч күндөн кийин эле ооруканадан чыгарып салышканынайтып берген. Андан кийин эле эле абалы начарлап кеткен.

Бирок аялы корккондуктан кайра ооруканага жатуудан баш тарткан — маркум аял төрөт учурунда медиктер курсагын басып, каттуу ооруганын айтып берген.

Кийинчерээк, Якубов аялын «тез жардам» кызматы Улуттук хирургия борборуна алып кетип, операциядан кийин каза болуп калганын айтып берген.

Мындан тышкары, Якубов аялын жерге берүү үчүн көрүстөнгө акча талап кылып туруп алышкандыктан жубайын эки күн моргдон алып кете албай калганын маалымдаган.

Таксист 3 жаштагы кызын машинада жанына алып иштөөгө аргасыз болгонун, анткени кызын бала бакчага берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогонун, ал эми мэриядан кызын кризистик борборго тапшырууну сунушташкан деп түшүндүргөн.

«Кризистик борборго өздөрүнүн бала-чака, небере-чебересин берсин ушул мэриядагылар. Мен аларга акча сурап барган жерим жок. Мен барып бала бакчага жайлап бергиле, бул күндүзү бакчада жүрсө, мен иштеп алсам, түнү келип үйдө адам катары уктайбыз десем түшүнбөй жатат», — деп кейиген Нурилло.

«Кактус» бул окуяны айтып чыккандан кийин окурмандар Якубовго жардам көрсөтүшкөн. Алар кызын жеке бала бакчага киргизип, унааны ижарага албай өз алдынча иштөө үчүн унаа белек кылышкан.