Баткенде абал турукташып, жарандар үйлөрүнө кайта баштады

Баткен облусунда абал турукташып, чек арага чектеш айылдардан эвакуацияланган жарандардын 9 880и үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 28-январь саат 20:00гө карата берген маалыматында билдирди.

Тургундарды кайра көчүрүү иши ӨКМдин облустагы башкармалыгынын куткаруучулары жана Жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникалары тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле жарандар өздөрүнүн жеке унаалары менен да кайта башташты.

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу Баткен облусу боюнча 11 052 тургун эвакуацияланып, алардын 10 412си туугандарынын үйлөрүнө, 642 адам атайын даярдалган жети пункта жайгаштырылган.

Жарандардын баары ысык тамак-аш жана керектүү гигиеналык каражаттар менен камсыздалганы айтылган.

Чек арадагы ок атышуу

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагындагы чек ара жаңжалы 27-январда болгон. Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы алгач тажик жарандары Төрт-Көчө аймагына таш төгүп, Баткен — Исфана автожолун жарым саатка тосуп алганын билдирген. Аларды Тажикстандын чек арачылары коштоп жүргөнү айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол саат 19:30да ачылган. Бирок кайра эле саат 19:35 чамасында кырдаал курчуп кеткен.

Чек ара кызматы билдиргендей, эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, тажик тарап чек аранын башка тарабында миномёт жана гранатомёт менен кыргыз чек арасы тарапка ок ата баштаган. Андан соң тажик аскерлери Төрт-Көчө аймагында кыргыз чек арачыларына ок чыгарган.

Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжал 27-январда болжолдуу саат 17:20да Кыргызстандын Баткен облусунун Аксай айылдык кеңешинин тургундарынан турган 50 адамдын белгисиз тобу Ходжаи-Аъло калктуу пунктунун аймагындагы көпүрөдө тажик жаранын «Портер» үлгүсүндөгү унаасын мажбурлап токтоткондуктан башталганын билдирди.

Ошондой кыргыз тарап жолгушууга келгендин ордуна Тажикстандын «жай тургундарына өздөрүнүн ок атуу куралдары менен ок чыгарышкан» деп маалымдайт.

Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматы аталган окуя чагымчылдык мүнөзгө ээ экенин, анын жоопкерчилиги толугу менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчилигине жүктөлөрүн билдиришкен. Кыргызстандын Чек ара кызматы «эки тараптын жарандары жабыркаган кагылышуунун тажик тарап атайылап уюштурду» деп белгилеген.

Ошол эле маалда Тажикстандын чек арачылары «кыргыз тарап ок атууну токтотпой, учкучсуз учуучу учактарды колдонуп Тажикстандын аба мейкиндигин бузду» деп билдирген.

Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматы бул айыптоого Тажикстан «маалыматты бурмалап жатат» деп жооп кылды. Ошондой эле Тажикстандын чек арачылары өлкөнүн аймагында чалгындоо жүргүүзүү максатында акыркы учурда учкучсуз аппараттарды колдонуп жүргөнүн билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын Чек ара кызматы акыркы убакта кыргыз-тажик чек арасында «чагымчылдык көбөйгөнүн» белгиледи. Мекемеден «тажик бийлиги кырдаалды турукташтыруунун ордуна анын күчөшүнө салым кошкон» деп эсептейт.

Түндө Чек ара кызматы Кыргызстан жана Тажикстандын бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунудагы жолугушуу аяктап, анын жыйынтыгы менен ок атууну токтотуу макулдашылганын кабарлаган.

28-январь эртең менен Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экени маалымдалды. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги 28-январдын таңына карата Баткен облустук ооруканасына чек арадагы ок атууда жабыркаган 11 адам жаткырылганын маалымдады. Түрдүү жараат алган жарандардын абалы орточо деп бааланууда.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чек арадагы чырга байланыштуу «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.