Ворухка жол куруу маселеси жакын арада каралаары белгилүү болду

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Жакын арада Баткендеги Ворух анклавына жол курууга уруксат берүү маселеси кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын ишинде каралат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Достук айылындагы эки тараптуу жолугушуудан кийин «Азаттыкка» билдирди.

«Бүгүн эки тараптуу жумушчу жолугушуу болду. Эки жарым саат бардык маселелерди талкууладык. Негизинен делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу, 27-январдагы куралдуу жаңжалдын себебин иликтөө тууралуу сөз болду. Өкмөттөр аралык комиссиянын иши Ворухка жол куруу маселесине келгенде токтоп калган. Эми кайра ошол жерден уланат», — деди ал.

Ташиев эгер комиссия бир пикирге келе албай, талаштуу суроолор жаралса Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов менен кайрадан жолугушаарын белгиледи. Ал бүгүнкү жолугушууда «чек ара толугу менен чечилмейинче куралдуу жаңжалдар токтобой турганына толук ынандык» дейт.

Хожаи Аъло — Ворух жолун куруу тууралуу келишим

Чек арадагы куралдуу жаңжалдан соң, 2021-жылдын 6-майында, Кыргызстан менен Тажикстан Ворух анклавына барчу альтернативдик жол куруу боюнча келишим түзгөнү белгилүү болгон. Аталган жол Исфара районунун Хожа Аъло айылы менен Ворух анклавын байланыштырып, ал Тажикстан менен Кыргызстандын эсебинен курулмакчы. Бирок Тажик тарап аны өзү колдонот жана жолду өзү тейлейт деп айтылган.

Жолдун статусу эки өлкөнүн өзүнчө келишиминин негизинде аныкталат. Президент Садыр Жапаров айткандай өкмөт жарыялаган билдирүүдө жол Баткенге караштуу болоору жазылган эмес.

Келишим тууралуу маалымат тарагандан соң коомчулукта кызуу талкуу жаралып, көпчүлүк Ворухка жол берилишине каршы чыккан.

Баткен облусунун экс-губернатору Султан Айжигитов жол бериле турган болсо «коридор өтүп, Баткен районунун жарымы, Лейлек району, Сүлүктү шаары толугу менен бир анклав болуп калат» деп эскерткен.

Алгач жол боюнча президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы, чек ара делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев үн каткан эмес. Ал эми келишим жарыяланган күнү, 6-майда Баткендин Максат айылынын тургундары менен жолугушууда, президент Садыр Жапаров аталган жол тууралуу суроо берген балдарды «чагымчыл» деп атаган.

Ошондой эле жол Ворухка коридор болоорун четке кагып, жолду «Баткенге тиешелүү деп көрсөтүп жатабыз» деп айткан. Мындан сырткары УКМК төрагасы кийинчерээк үн катып, «Жол Баткен районунун көзөмөлүндө экени документте так көрсөтүлгөн» деп айткан.

«Тажикстандын жарандары үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабындагы жол колдонулат. Жол Баткен районунун көзөмөлүндө экени документте так көрсөтүлгөн. Анын статусу өзүнчө мамлекеттер аралык келишим менен аныкталат», — деген ал.

Ал эми 14-майда Баткен районунун Ак-Сай айылынын 20дай тургуну альтернативдүү жолдун курулушуна каршылыгын билдирип митинг өткөрүшкөн. Алар эгер жол салынса алардын аймагы «экиге бөлүнүп калаарын» айтып тынчсызданышкан.

«Мен бардык чек ара чыр-чатактарын башымдан өткөрдүм. Бийликтен жерибизди коңшуларга бербегиле деп митингге чыктык. Жолдун курулушуна байланыштуу акыркы протокол бизди аябай тынчсыздандырат. Бул туура эмес. Эгер жол салынса биздин аймак эки бөлүккө бөлүнөт. Эгер жолду Тажикстан колдонсо, анда эртең дагы бир жаңжал чыкса, бүт аймак блокадада калбайт дегенге кепилдик жок. Жол курулса, бизге суу да келбей калат. Анда биз кантип жашашыбыз керек?» — деген алардын бири.

Дагы окуңуз:

Баткендин тургундары Ворух анклавына жол курууга каршы митинг өткөрдү

Кыргызстан менен Тажикстан Хожаи Аъло — Ворух жолун курууну макулдашты

Баткен: Президент Хожаи Аъло — Ворух жолу тууралуу суроо узаткандарды «чагымчылдар» деп атады