Ташиев: Биз Ворухка коридор берген жокпуз, анклав боюнча өзүнчө сүйлөшөбүз

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев sayasat.kg басылмасына Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда түзүлгөн келишимдер боюнча түшүндүрмө берди. Буга чейин эки мамлекеттин өкмөт делегациялары чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча биргелешкен келишимге кол коюшкан.

1-майда өткөн сүйлөшүүдө өкмөттүк делегацияны эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жетектеген.

Ташиев эмне деди?

УКМКнын башчысы №43 чекиттен №61 чекитке чейинки жана №135 чекиттен №141ге чейинки чек араны аныктоодо 1924-1927-жылдардагы документтер жана улуттук-аймактык демаркациянын материалдары, ошондой эле 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери жана материалдары колдонула тургандыгын ырастаган.

«Дагы бир жолу кайталайм, бул жылдардагы карталар [1924-1927 жана 1989] №43төн №61ге чейинки жана №135тен №141ге чейинки тилкелерди тактоодо гана колдонулат. Мунун Ворух* анклавына тиешеси жок», — деди Ташиев.

*№ 43 жана № 61 тилкелери Лейлек районунун аймагында жайгашкан. Ал эми чек аралык №135ден №141ге чейинки тилкелер Баткен районунун Карабак айыл аймагынан орун алган.

Ташиевдин айтымында Ворухка* коридор берилбейт.

Ворух — Баткен облусундагы Тажикстандын анклавы. Ал жерде 130 чарчы километрде 35 миңге жакын калк жашайт. Эки өлкөнүн бийлиги СССР тарагандан кийин ондогон жылдар өтсө дагы, чек арасын тактай албай келет. Мындан улам анклавдын айланасында чек арага байланышкан чырлар тынчыбай келет.

«Тажикстандын жарандары үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабындагы жол колдонулат*. Жол Баткен районунун көзөмөлүндө экени документте так көрсөтүлгөн. Анын статусу өзүнчө мамлекеттер аралык келишим менен аныкталат», — деп билдирди УКМК башчысы.

*Кыргызстан менен Тажикстан Ворух анклавына барчу альтернативдик жол куруу боюнча келишим түзүшкөн. Маалыматка ылайык, аталган жол Исфара районунун Хожа Аъло айылы менен Ворух анклавын байланыштырат. Айланма жол Капчыгай (Таңги) калктуу конуштун чыгыш тарабы аркылуу өтөрү белгиленген. Жаңы жол Тажикстан менен Кыргызстандын эсебинен курулмакчы. Тажик тарап аны колдонот жана аны өзү тейлейт. 

Ташиев жол качан гана анклавдын айланасындагы чек ара делимитация жана демаркациядан өткөндөн кийин колдонууга берилет деп ишендирген. Анын айтымында, Ворух боюнча өзүнчө сүйлөшүү жүрөт жана чек аранын башка аймактары эки өлкөнүн өзүнчө келишиминин негизинде аныкталат.

«Ошондуктан сабырдуу болуп, такталбаган маалыматты чыгарбай турсак. Бизге башка мамлекеттин бир метр дагы жеринин кереги жок, бирок биз дагы бир метр жерибизди бербейбиз. Өлкө жетекчиилиги, биз, барыбыз ушул позицияда болобуз жана аягына чейин турабыз», — деп белгилеген Ташиев.

Тема боюнча: Кыргызстан менен Тажикстан Хожаи Аъло — Ворух жолун курууну макулдашты

Такталбаган чек ара жана чыр-чатактар

Чек аранын такталбаган тилкелери чектеш айылдардагы бүтпөгөн жаңжалдын себепчиси болуп келет — жер талаш, суу талаш, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү. Акыркы жолу чек арада 28-апрелде ок атуу болгон.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Анда эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны бири-бирине таш ыргытышкан. Кийин ал ок атуулар менен коштолгон. Жаңжал «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орноткондуктан чыккан.

29-апрелде абал курчуп, эки өлкөнүн аскерлери курал колдоно башташкан. Эки өлкөнүн бийлиги бир нече жолу ок атууну токтотуп, аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу макулдашып, бирок убадалар бузулган. 1-майдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин гана тараптар ок атууну токтотуп, аскерлерди артка чыгарып кетүүнү макулдашышкан.

Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарган.

Акыркы маалымат боюнча ок атуунун кесепетинен Кыргызстандын 36 жараны каза болгон. Алардын арасында 4 жашар наристе жана 12 жаштагы секелек бар. Жалпы 189 адам жарадар болгон.

Тажикстандын бийлиги каза болгондор жана жарадар болгондор тууралуу маалыматты 6-майда гана жарыялаган. Ага ылайык, куралдуу кагылышуунун натыйжасында 19 адам курман болуп, 87 тажикстандык жарадар болгон.