Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде*эркек киши аялын сабаган видео тарады.
*Абайлаңыз! Кадрда зордук-зомбулуктун белгилери бар, эгер сиз сезимтал болсоңуз видеону көрбөй эле коюңуз.
Бишкектин Ленин РИИБи «Клооптун» журналисттине окуя 30-январь саат 23:00дөр чамасында Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун билдирди.
Алардын маалыматында, жубайлар ошол күнү конокко барышкан. Ал жактан чыккандан кийин ортосунда пикир келишпестик орун алган.
«Аялы көчөгө чыккандан кийин, күйөөсү артынан жетип келип ага күч колдоно баштаган», — деп билдирди милиция.
Жубайын көчөдө сабаган киши дагы деле кармала элек. Ал эми токмок жеген аялдын абалы тууралуу милиция кабарлаган жок. Кошумча маалымат берилет деп ишендиришти.
Райондук милициядан аялы күйөөсүнө доомат коюдан баш тартканына карабастан, тергөө улантылаарын белгилешти.
Алардын айтымында бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Аялдар арыз жазуудан эмне үчүн баш тартышууда?
Укук коргоочулар жана кризистик борборлордун жетекчилери аялдар алсыз болгону үчүн зөөкүрлөрдүн үстүнөн арыз жазуудан баш тартышат деп түшүндүрүштү. Алар коомчулуктун жемелөөсүнөн (виктимблейминг), зөөкүрдүн коркутууларынан коркушат же милиция жардам береринен күмөн санашат.
«Ак-Жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекованын айтымында, жетиштүү колдоо жок болгондуктан аялдар аларды уруп-сабаган күйөөлөрү менен кайра эле чогуу жашоого мажбур болушат.
Ошондой эле, Асилбекова тосмо арыз жазган аялдарды сынга алуудан мурда алардын жагдайын түшүнүүгө чакырды.
«Тосмо арыз жазган аялдар жөнүндө бир жактуу айтууга таптакыр мүмкүн эмес. Аялдардын социалдык укугу корголбогон өлкөдө жашап жатканыбызды биз эске алышыбыз керек да. Экинчи жагы биздин айрымдарыбыздын турмуш шартыбыз өтө начар. Эгерде ошол аял билимдүү болсо, колунда жумушу болсо, бара турган жери, укугун коргоочулар жана жакын санаалаштары болсо ал аял дайыма күчтүү болот», — дейт ал.
Сиз же сиздин жакындарыңыздар зордук-зомбулукка кабылган учурда кайрыла турган кризисттик борборлордун даректери жана телефондору:
- «Шанс» кризистик борбору — Бишкек ш. Чүй проспектиси 207, 509-батир, телефон: 0709710320;
- «Сезим» кризистик борбору — Бишкек ш. Табышалиев көчөсү 3, телефон: 0312512640;
- «Энсан — Диамонд» Коомдук Уюму — Ош ш. Ленин көчөсү 205/105, телефондор: 0772328960, 0322222965;
- «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу. Гүлчө айылы, Набережная көчөсү 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
- «Аруулан» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
- «Ак журок» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
- «Мээрбан» Кризистик Борбору коомдук уюму — Ош ш. Ленин 312/23, телефон: 0773843461;
- «Тендеш» Кризистик Борбору Бейөкмөт уюму — Нарын ш. Кыргыз көчөсү 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
- «Аялзат» Коомдук фондунун астындагы «Маана» кризистик борбору — Талас ш. Тагайбаев көчөсү 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
- «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен ш. Сыдыков көчөсү 3, телефон: 0777393077;
- «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад ш. Б.Осмонов көчөсү 113, телефон: 0372255084;
- «Аялзат — аялдар демилгелерин колдоо» Коомдук уюму — Каракол ш. Абдрахманов көчөсү 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
- Чолпон-Ата шаарындагы «Алтынай» кризистик борбору — 0709694550;
- Каракол шаарындагы «Мээрман» кризистик борбору — 0706383637;
- Каракол шаарындагы «Химая» аялдарга жардам көрсөтүү жана реабилитиция борбору — 0702223535 (түз линия), 0551733390.
Кыргызстан — Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган
Аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индекстин (WPS Index) рейтингине ылайык, Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп чыккан.
Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунда калган. Аялдар үчүн эң кооптуу өлкөлөр Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак экени айтылды.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, дээрлик он жыл ичинде «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча аялдардын киши колдуу болгонуна байланыштуу 762 кылмыш иши козголгон. Бул өлтүрүүлөрдүн көбүн эркектер кылган — орточо эсеп менен ал он кылмыштын сегизин түзөт. Ошол эле учурда эркектерди да, аялдарды да өлтүрүү учурларынын 10%ын аялдар жасашат жана негизинен алар мындай кадамга эркектерден коргонуп жатып барышат.
*Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.