Орусиянын Санкт-Петербург шаарында эки жашар кыздын өлүмүнө байланышту кыргызстандык жаран кармалып, ага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Элчилик тараткан билдирүүгө ылайык, 1987-жылы туулган И.Н.М аттуу кыргызстандык бала багуучу болуп иштеген, ал эми наристе шектүүнүн батиринде каза болгон.
«Укук коргоо органдарынан алынган маалыматка караганда, И.Н.М. бала багууда жашоонун коопсуздук талаптарына жооп бербеген шартта кызмат көрсөткөн, анын натыйжасында бала шектүүнүн батиринде каза болгон. [...] Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп белгиленет билдирүүдө.
Аны менен катар, учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылган.
Буга чейин орусиялык айрым басылмалар кармалган кыргызстандык үйүндө мыйзамсыз бала бакча уюштурганын, ал эми наристенин өлүмү тууралуу апасына дароо кабар бербей, эки күн жашырып жүрүп алганын жазышкан болчу.
Орусия ИИМинин маалыматына караганда, 2020-жылдын январь айынан июнга чейин өлкөдөгү миграциялык каттоодо болжол менен 380 миң Кыргызстандын жараны болгон. Аны менен катар Орусияда туруктуу иштеген кыргызстандыктардын саны 700 миңге чукул. Мигранттардын балдары менен ата-энелерин эске алганда алардын жалпы саны миллиондон ашат.