Дастан Бекешев: «Кактустун» маалыматы кылмыш ишин козгогудай макала эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Kaktus.media’нын сайтына чыккан маалымат «кылмыш ишин козгогудай» макала эмес деп эсептейт. Бул боюнча пикирин эл өкүлү парламенттин 3-февралдагы жыйынында айтты.

Бекешев материал жарыяланган факт боюнча «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун белгиледи. Анын айтымында, макаланы басып чыгаруу үчүн дүйнөлүк практикада дагы кылмыш иши козголбойт.

«Кылмыш ишин козгобой эле жөн гана эскертүү, жазуу түрүндө эскертүү берип койсо болот эле да. Макала чет элдик ЖМКларга таянып жазылган, андан кийин аны өчүрүшкөн. Бирок ага карабай журналисттерди прокуратурага чакырып, күбө болууга мажбур кылып жатышат. Мен ал кылмыш иши козгогудай макала эмес деп эсептейм», — деди Бекешев.

Эл өкүлү аталган маселени президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алышы керек кошумчалады. Депутаттын пикиринде, лингвисттердин жана башка адистердин экспертизасын да өткөрүү керек.

Kaktus.media’нын сайтындагы макала

27-январда Баткен облусундагы чек ара жаңжалынын шартында Kaktus.media’нын сайтында тажик басылмасына таянып жазылган маалымат чыккан. Башкы прокуратура макалада «Кыргызстандын аскерлери биринчи болуп ок атып, Тажикстанды чагымчылдыкка түрткөн деген жалган маалымат камтылган» деп эсептеген.

Бул факт боюнча көзөмөл органы «Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Басылманын негиздөөчүсү Дина Маслованын айтымында, 31-январда бул иш боюнча бир нече редактор сурак берип, алардан сурактын чоо-жайын ачыкка чыгарбоо тууралуу тил кат алынган.28-январда социалдык тармактын айрым колдонуучулары «Кактус Медиа» басылмасынын «кылык-жоругуна каршы митинг өткөрөрүн» жазып чыгып, башкаларды дагы митингге катышууга үндөшгөн.

Ошол эле күнү басылма тажик тараптын версиясын эмне үчүн жаңылык кылып бергенин түшүндүрүп берген. Ошондой эле катачылык кеткенин моюндап, окурмандарынан кечирим сурап, төмөндөгүдөй кайрылуу жасаган:

«Бул публикациянын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш аракеттерди жасап жаткандыгын так билүүбүз керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген.

Башка басылмадан алынган (ПЕРЕПЕЧАТКА) маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз.

Бирок Тажикстандын ММКлары маалыматтык согушту уттуруп жибербөө максатында кандай маалыматты таратып жаткандыгын бардыгыбыз билүүбүз кажет деген пикирдебиз. Kaktus.media редакциясы ар дайым кыргыз элини кызыкчылыгын коргоп келген жана мындан ары да коргойт», — деп жазылат кайрылууда.