Temirov Live президенттин Бээжинге учканына канча акча кеткенин эсептеп чыкты

Иликтөөчү журналисттердин Temirov Live каналы президент Садыр Жапаровдун Кытайдын борбору Бээжин шаарындагы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыша жасаган сапары тууралуу видео жарыялады.

Журналисттер президент Кытайга Embraer Lineage 1000 бизнес-класстагы учагы менен барганын аныкташкан. Буга чейин президент дал ушундай эле самолёт менен 2021-жылдын күзүндө Шотландиянын Глазго шаарында өткөн экономикалык саммитке катышып келген.

Ошол кезде президенттик администрация өлкө башчынын жеке учак менен кеткенин тастыктаган болчу. Президенттик администрация мындай чечим британ бийлигинин Кыргызстандын №1 бортун кабыл алуудан баш тарткандан кийин аргасыз кабыл алынган деп ишендирген.

Temirov Live’дын маалыматында, мындай жеке учактын бир сааттык ижара акысы болжолдуу — 11 700 долларды түзөт. Бишкектен Бээжинге чейин учуу убактысы 4,5 саатка созулгандыктан буга 52 650 доллар (4 400 000 сом) кеткенин эсептеп чыгышкан.

«Эгер бул аргасыз чара болсо, анда маселе жок. Бирок эмне үчүн айтпай жатышат? А эгер мамлекеттин акчасы жок болсочу? Учуунун акысын ким төлөдү?», — деп суроо салды журналист Актилек Капаров.

№1 борт эмне үчүн учууларга жарабай жатат?

Кыргызстандын президентинин өзүнүн ТУ-154 учагы бар. СССР маалында эң коопсуз учак деп саналчу.

Авиалайнер Кыргызстанга 2006-жылы берилген. Орусиялык ЖМКлардын маалыматында, ошол жылы Владимир Путин бул учакты ошол кездеги мамлекет башчы Курманбек Бакиевге белек кылган.

Кыргызстанда президенттик учак 15 жылдан бери колдонуп келе жатат, анын жалпы колдонуу мөөнөтү дээрлик 30 жылга жетти.

Президенттик самолёттун учкучу Турат Исмаилов 2015-жылы советтик учак эскилиги жеткенин айтып, нааразычылыгын билдирген.

2019-жылы президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербургдан кайтып келерде техникалык мүчүлүштүктөн улам, уча албай калган.

Жогорку Кеңеште №1 бортун жаңылоо тууралуу бир нече жолу маселе көтөрүлүп, бирок иш андан ары жылган эмес.