Күндүн сүрөтү: Түндүк — Түштүк жолундагы эстакадалык көпүрө

Фотограф жана блогер Николай Гладков Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунда курулган жаңы эстакадалык көпүрөнүн сүрөттөрүн жарыялады. Көпүрө Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылына жакын жерде жайгашкан. Көпүрөнүн узундугу дээрлик 400 метрди түзөт.

Блогердин айтымында, Бишкектен көпүрөгө чейинки жол 300 киллометрден бир аз ашат, ал жакка «бир күндүн ичинде барып келген».

«Көпчүлүктүн көңүлүн тартып турган жаңы локациянын масштабы сезилип турат. Ага барган жол да андан кем калышпайт», — деп баяндаган сүрөттөрүн фотограф.

Ал Суусамырдан Аралга чейинки тилкени эске албаганда жол да мыкты экенин кошумчалады. Суусамырдан Аралга чейинки жол — таштак.

Түндүк — Түштүк жолунун курулушу 2009-жылы башталган. Альтернативалуу жолдун эки эстакадалык көпүрөсү бар.

Алар болжолдуу 82 метр бийиктикте жайгашкан — дайранын нугундагы свайлар 46 метр тереңдикте орнотулган, ал эми тирөөчтүн узундугу 36 метрди түзөт.

Эки көпүрөнүн курулушу мындан төрт жыл мурда башталган. Даярдык иштери 2017-жылдын жайында башталган, ал эми крулушту 2019-жылы аягына чыгаруу пландалган.