ККМге каршы митинг. Соодагерлер менен Арзыбек Кожошев жолукту

27-декабрда өкмөт үйүнүн алдына көзөмөл-кассалык мишинага (ККМ) каршы митингге чыккандар менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жолукту.

Чиновниктер нааразылык акциясына чыккан ишкерлердин талаптарын угуп, өлкөнүн фискалдык саясатында жаңы кадамдарды киргизүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтты.

Арзыбек Кожошевдин айтымында, жаңы Салык кодексин Каржы министрлиги иштеп чыкканын, министрлик эксперттер менен биргеликте иш алып барганын белгиледи.

Ал эми экономика министри Данияр Амангелдиев коррупцияны жоюу жана ачык-айкындуулук элдин өзүнүн талабы экенин белгиледи.

«Көзөмөл-кассалык машиналарды киргизүү коррупция менен күрөшүүгө багытталган. Аппарат орнотулгандан кийин Салык кызматынын кызматкери базарга барбай, соодагерлер менен баарлашып, акча сурабайт. Баарын бир борбор башкара алат», — деди ал.

Бүгүн, 27-декабрда Кемин районунун ишкерлери жана «Дордой-Моторс» базарынын 200дөн ашык соодагери көзөмөл-кассалык машина (ККМ) киргизүүгө каршы экенин айтып нааразычылык акцияга чыккан. Ушундай эле жүйөө менен Өкмөт үйүнүн алдына дагы ишкерлер митинг уюштурушту.

Үстүбүздөгү жылдын 22-23-декабрында бийликтин көзөмөл-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө киргизүү демилгесине каршы болуп«Таатан» базарынын соодагерлери, Токмоктун жеке ишкерлери жана «Дордой» базарынын соодагерлери нааразычылык акцияга чыгышкан.

Буга чейин Салык кызматындагылар «айрым адамдар салык мыйзамдарынын ченемдерин аткаруу жөнүндө мыйзам талаптарын бүтүндөй бизнеске кысым жасоо катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат» деп белгилешкен.

«Кечээки митингдин катышуучулары жеке кызыкчылыктарын коомдук кызыкчылыктардан жогору коюп, атайылап коомчулукту үгүттөп, адаштыруу аракетин кылып жатканы айдан ачык», — деп билдиришкен ведомстводон.

ККМ. Сүрөт: «Кабар»

Салык кызматынан белгилешкендей, ККМ* — бул салык процедураларын санариптештирүү боюнча долбоорлордун бири.

*Көзөмөл-кассалык машиналар (ККМ) – банктык төлөм карточкалары жана чектери, электрондук жана накталай акча каражаттары аркылуу кызмат көрсөтүү жана иштерди аткаруу же соода операцияларында жүргүзүлгөн акчалай эсептешүүлөрдү пайдаланууга багытталган фискалдык эстутуму бар техникалык (аппараттык-программалык) каражаттар.

Ведомстводон учурда ККМдин эки — аппараттык жана программалык түрлөрү колдондонулуп жатканын эске салышты. ККМди жүктөп алуу акысыз — система смартфонго, планшетке жана компьютерге орнотулат. Ал эми сатуучуга дүмүрчөк берүү үчүн дүмүрчөк чыгарган принтерди сатып алганы гана жетиштүү.

Жаңы салык кодекси жана көзөмөл-кассалык машина

Президент Садыр Жапаров 6-декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Жарлык жылдык жүгүртүмү 8 млн сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошоткон. Бирок, жарлыкка ылайык, алар онлайн ККМдерди колдонууга милдетүү.

Бул тууралуу буга чейин экономика министри Данияр Амангелдиев дагы айткан.

«Эгер жаңы Салык кодекси күчүнө кирсе, базарлардын соодагерлери салыктардан бошотулат. Негизгиси, алар дүмүрчөктөрдү колдонуп, ККМ колдонушу керек болот. Алар салык төлөшпөйт. Кичи жана орто бизнес толук корголот. Боз тарабын көмүскөдөн чыгарыш керек. Эгер жүгүртүмү 8 млн сомдон ашса, алар башка салык режими менен иштешет», — деген ал.

Жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт. Бийлик бул бизнести көмүскөдөн алып чыгуу жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет деп жатат.

Тема боюнча:

«Дордой-Моторс» базарынын соодагерлери ККМге каршы митингге чыкты

Бишкек: «Таатандын» соодагерлери милдеттүү кассалык аппараттарга каршы митингге чыкты

Салык кызматы ККМдин киргизилишине каршы чыккан соодагерлерге жооп берди