Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоону сунуштады

Кытай Кыргызстандан электр энергиясын импорттоо маселесин карап чыгууга макул болду. Бул тууралуу маалыматты «Клоопко» президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.

«Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоону сунуштаган. Кытай тарап бул маселени карап чыгууга макул болду. Эгер оң чечим кабыл алынса, Бул Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушуна, алардын кубаттуулугун жогорулатууга, кошумча инвестиция тартууга жол ачат», — деп билдирди Султанбаев.

Кытай тараптын сүйлөшүүлөрдүн деталдары тууралуу

Кыргыз тарап Кытайга электр энергиясын экспорттоону сунуштаганы дароо эле маалым болгон жок.

7-февралда президенттин администрациясынын сайтында президент Садыр Жапаров менен КЭР башчысы Си Цзиньпиндин жолугушуусунда кол коюлган документтердин тизмесин жарыяланган. Бирок электр энергиясын экспорттоо маселеси ал келишимде көрсөтүлгөн эмес.

Кытай өкмөтүнүн сайтында сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы тууралуу маалымат чыккан.

«Кыргыз тарап Кыргызстандан Кытайга электр энергиясын экспорттоо маселесин карап чыгуу сунушун берди. Кытай тарап бул маселени карап чыгууга даяр экендигин билдирди», — деп айтылат КЭРдин өкмөтүнүн маалыматында.

Ушундай эле билдирүү президенттин администрациясынын сайтына да жарыяланган. Бирок бул ЖМКлар Кыргызстан менен Пекиндин сүйлөшүүлөрүнүн версиясында айырмачылыктар бар деп Кытайдын билдирүүсүн жазып чыккандан кийин белгилүү болгон.

Президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусу 6-февралда Пекинде өткөн.

Тема боюнча: Темир жол, 670 млн сом кайтарымсыз жардам, 5 млн доза вакцина. Президенттин Бээжинге сапары

Султанбаев: Жапаров Бээжинге мамлекеттик бюджеттин эсебинен учкан жок

Кыргызстандагы электр энергиясынын тартыштыгы

Кыргызстандагы энергетикалык каатчылык бар — бул тууралуу бийлик өзү айтууда. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2024-2025-жылдарга барып энергокризистен чыгууну пландап жатканын билдирген.

Кыргызстандын энергетиктери элди кышкысын «электр энергиясын үнөмдөөгө», үйлөрдү мүмкүн болушунча көмүр же газ сыяктуу альтернативдүү булактар менен жылытууга чакырышкан.

Кыргыз бийлиги күз-кыш жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн импорттой баштаган. Республика Казакстан жана Өзбекстандан электр энергиясын алмашуу жолу менен алса, Түркмөнстандан импорттоп алган. Мындан тышкары, бийлик Орусиядан да электр энергиясын алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан.

«Түндүк электр» абоненттери үчүн электр энергиясына 5 киловаттык чектөө киргизди