Султанбаев: Жапаров Бээжинге мамлекеттик бюджеттин эсебинен учкан жок

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаров Бээжинге учуп барган жеке учак мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланбаганын билдирди. Ошол эле учурда ал так кайсы акча коротулганын ачыктаган жок.

«Бардык чыгымдар бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен жабылды. Республикалык бюджеттен эч нерсе сарпталган жок», — деп билдирди ал.

Султанбаевдин айтымында, Ту-154 учагынын №1 бортунун коопсуз иштөө мөөнөтү аяктаган, «ал эми өлкө президенти баштаган делегациянын учуусу үчүн коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылуу зарыл» дейт.

Басма сөз катчы «эгер делегация кадимки рейстер менен учканда деле алыскы аралыктарды жана трансферлерди эске алганда чыгымдар ушундай эле чоң болмок» деп кошумчалады.

«№1 борттун темасына кайрылсак, учурда иш жүрүп жатат, жакынкы арада Кыргызстандын жогорку делегациялары учуу үчүн жаңы компакт бортту колдонушат. Ал мүлк катары сатып алынбайт, бирок символикалык бир жолку ижара акысы берилет. Кыргыз тарап учакка май куюу жана техникалык тейлөө чыгымдарын гана моюнуна алат», — деди Султанбаев.

Буга чейин Temirov Live командасынын иликтөөчү журналисттери президент Садыр Жапаровдун Кытайдын борбору Бээжин шаарындагы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына жасаган сапары тууралуу видео жарыялаган.

Анда алар президент Кытайга Embraer Lineage 1000 бизнес-класстагы учагы менен барганын аныкташкан. Буга чейин президент дал ушундай эле самолёт менен 2021-жылдын күзүндө Шотландиянын Глазго шаарында өткөн экономикалык саммитке катышып келген.

Ошол кезде президенттик администрация өлкө башчынын жеке учак менен кеткенин тастыктаган болчу. Президенттик администрация мындай чечим британ бийлигинин Кыргызстандын №1 бортун кабыл алуудан баш тарткандан кийин аргасыз кабыл алынган деп ишендирген.

Temirov Live’дын маалыматында, мындай жеке учактын бир сааттык ижара акысы болжолдуу — 11 700 долларды түзөт. Бишкектен Бээжинге чейин учуу убактысы 4,5 саатка созулгандыктан буга 52 650 доллар (4 400 000 сом) кеткенин эсептеп чыгышкан.

«Эгер бул аргасыз чара болсо, анда маселе жок. Бирок эмне үчүн айтпай жатышат? А эгер мамлекеттин акчасы жок болсочу? Учуунун акысын ким төлөдү?», — деп суроо салган журналист Актилек Капаров.

Авторлору: Дилде Шатанова, Айбике Адилет кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

Temirov Live президенттин Бээжинге учканына канча акча кеткенин эсептеп чыкты