Темир жол, 670 млн сом кайтарымсыз жардам, 5 млн доза вакцина. Президенттин Бээжинге сапары

Садыр Жапаров жана Си Цзиньпин. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаровдун Кытайдын борбору Бээжин шаарына болгон иш сапары аяктады.

Өлкө башчысы 4-февралда Бээжинде өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. Андан соң, 6-февралда, Жапаров Кытайдын башчысы Си Цзиньпин менен жолукту.

«Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле биргелешкен ири долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты», — деп билдирди президенттин басма сөз кызматынан.

Си Цзиньпин 30 жылда эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер орнотулгандан тарта «ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткендигин» белгилеген. Ал эми Жапаров Кыргызстан жана Кытайдын ортосундагы «Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык» макулдашуусуна кол коюлгандыгына 20 жыл болгонун эске салды.

Кытайдын лидери Садыр Жапаровдун жетекчилигинин астында Кыргызстанда «ири саясий жана экономикалык реформалар болуп, коррупцияга каршы катуу күрөш жүрүп жатканын» кошумчалаган.

Ал эми Цзиньпин Кытай Кыргызстандан «экологиялык жактан таза продукцияны импорттоого жана энергетика тармагында кызматташууга даяр» экенин белгилеген.

*Transparency International уюму 2021-жылга карата Коррупцияны кабылдоо индексин жарыялаган — анда Кыргызстан дүйнө боюнча 183 өлкөнүн ичинде 148чи орунду ээлеген. Бул индексте өлкө канчалык төмөн орунда болсо, ал жерде коррупциянын деңгээли жогорку болгонун билдирет. Ушундай эле деңгээлде африкалык Уганда жана Камерун өлкөлөрү жайгашты. 2020-жылга салыштырмалуу, Кыргызстан 124чү орунда болгон.

Дагы окуңуз:

Султанбаев: Жапаров Бээжинге мамлекеттик бюджеттин эсебинен учкан жок

Коррупциялык жаңжал 3 миң долларлык айып менен аяктады. Эң маанилүү жагдайлар

«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолу

«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун маршруту. Сүрөт: «Акчабар» басылмасы

Си Цзиньпин «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу жана үч өлкөнүн ортосундагы кызматташуу «бүткүл Борбордук Азия үчүн абдан маанилүү» экенин белгилеген. Ал эми Жапаров кыргыз тарап «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун долбоорун ишке ашырууга кызыктар экенин билдирген.

*Кытайдан Кыргызстанга чейин, андан ары Өзбекстан, Иран, Түркия аркылуу өтүп Европа менен бириктире турган темир жолдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик 20 жылдан бери жүрүп келет.

2021-жылдын октябрь айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз тарап темир жолдун курулушу боюнча зарыл болгон документтерди даярдаганын билдирген. Эсептөөлөргө ылайык, Кыргызстандын аймагына 280 километр темир жол салынат, анын 57 километри тоннель аркылуу өтөт.

Мындан сырткары Си Цзиньпин эки мамлекеттин ортосундагы аба каттамдарын «этап-этабы менен калыбына келтирүү жана жүк ташууну көбөйтүү зарыл экенин» айткан.

«Тактап айтканда, “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү тууралуу сөз болуп жатат», — деп берилет президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Ал эми Садыр Жапаров кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө пункттары аркылуу продукцияларды жана унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн «жашыл коридорлордун» эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди улантуу зарыл экенин белгилеген.

*2020-жылдын январь айында кыргыз бийлиги коронавирус илдетини жайылтпоо максатында Кытай менен чек араны жапкан. 2020-жылдын апрелинен «Эркечтам», ал эми июндан тарта «Торугат» пункттарынын ишмердүүлүгү санитардык талаптарды сактоо менен жанданган.

50 млн юань жана 5 млн вакцина кайтарымсыз жардам

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Ошондой эле кытай тарап Кыргызстанга коронавируска каршы 5 млн доза вакцина жана 50 млн юань (670 млн сом) кайтарамсыз жардам көрсөтөрү белгилүү болду. Маалыматка ылайык, акча «коопсуздук тармакка» жумшалат.

Ал эми Жапаров 1 млрд АКШ долларын түзгөн кыргыз-кытай фондун түзүүнү сунуштады. Өлкө башчы фонд «чакан жана орто бизнес тармагындагы эки тараптуу долбоорлорду каржылай алмак» деген пикирин билдирди.

Кытай Кыргызстанга вакцина жана кайтарымсыз каржылык жардамдар көрсөтүп келет. Жылдын башында Кытай Кыргызстанга 13 млрд сомдук жардам көрсөтө турганы белгилүү болгон.

«Биринчи келишимдин алкагында 350 миллион юань, экинчисинде 650 миллион юань бөлүү каралган. Ошентип, эки келишим боюнча бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы 1 миллиард юанды (13 миллиард сомду) түзөт», — деп билдиришкен Экономика жана коммерция министрлигинен.

Ал эми 2021-жылдын май айында Кытай Кыргызстанга азык-түлүк жана гранттык жардам көрсөтүүнү чечкен.

Кытай тарап 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсүмдүк майын, ошондой эле 350 млн юань (4,7 млрд сом) акча каражатын бөлүүнү чечкен — аталган каражат өлкөдөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалмакчы.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,9 млрд сомду түзөт — анын 2 млрд долларынан ашууну кытай бийлигине болгон карыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

54 млн доллар, азык-түлүк жана вакцина. Кытай Кыргызстанга жардам берет

Президент карыз төлөнбөсө Кытайдын карамагына кайсы объектилер өтүп кетерин айтты