Атазов жана Матраимовдун колдоочулары «Кактус Медиа» жана «Клооптун» алдында митинг өткөрүштү

9-февралда «Кактус Медиа» жана «Клооп Медиа» басылмасынын кеңсесинин алдында митинг өттү. 15ке чукул киши «Кактус Медиа», «Азаттык», «Клооп» жана чет элден каржыланган басылмаларды «чет элдик агент» деп таанууну талап кылышты.

Митингге экс-депутат жана омбудсмен Турсунбай Бакир уулу, иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо акциясында «чагымчылдык кылган» Жолдош Сыргаков жана депутаттыкка талапкер Шайлообек Атазов менен Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун бир нече тарапкери да чыкты.

Ал эми митинг өтөрү тууралуу 8-февралда Фейсбуктун Самат Отунчиев аттуу колдонуучусу биринчилерден болуп пост жарыялаган. Бирок бир аздан кийин билдирүүсүн кайра өчүргөн. «Кактус Медиа» Отунчиев президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун ишенимдүү өкүлү болгонун жазды.

Самат Отунчиев.

Митингдин катышуучулары «Прокуратура: “Кактус Медиага” козголгон кылмыш ишин аягына чыгар!», «“Кактус Медиа”, “Азаттык”, “Клооп Кыргыз” жана калган бардык тыңчыларды качан ооздуктайсыңар», «Качанкыга чейин жыландарды өз койнубузда багабыз?» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Турсунбай Бакир уулу жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы митингдин артында «бийлик турат» деген пикирди четке какты.

«Мен акыркы жолу Садыра Жапаровду президенттик шайлоодон талапкерлигимди алып салганда [2021-жылы] көргөм. Мени бийликчилдердин арасына кошуунун кереги жок. Бизге бийлик өкүлдөрү чалып чыкпагыла деп суранды, ошол үчүн аз киши келип калды», – деп ишендирди саясатчы.

Экс-депутат ЖМКларга кайрылып, «Кыгызстандагы танчтыкты бузбоого, мамлекеттин саясатына аралашпоого, провокация кылбоого» чакырды.

Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин депутаттарынан мыйзамга «чет өлкөлүк агент» деген статус киргизүүнү талап кылды. Ал чет өлкөдөн каржыланган медиалар өкмөттүн көзөмөлүндө болушу керек деп эсептейт.

«Эгерде абалды дестабилдештирүүгө, мамлекеттик саясатка тоскоолдук кылышса, биздин долбоорго ылайык, Юстиция министрлиги иликтөөсүн жүргүзүп, материалдарды сотко өткөрүп берет. Анан сот чечим чыгарат — ооба, ушул орган, ЖМК болсун, бейөкмөт уюм болсун, Кыргызсандын мыйзамын, өзүнүн уставын бузуп жатабы, ага “чет өлкөлүк агент” статусу берилиши керек. Алар ушул статус менен иштеши керек», — деди ал.

*2014-жылы парламент депутаттары Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев орусиялык мыйзамдын көчүрмөсү болгон мыйзам долбоорун демилгелешкен. Ага ылайык «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик тыңчы» статусун алышы мүмкүн эле. Бирок 2016-жылы алтынчы чакырылыштын депутаттары документти артка кайтарышкан.

Турсунбай Бакир уулу жана Матраимовдун тарапташтары

Турсунбай Бакир уулу. 

Турсунбай Бакир уулу – парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаты жана омбудсмен. Ал 2019-жылдын декабрь айында Гапара Айтиев музейиндеги «Феминале» көргөзмөсүнө каршы чыккандардын бири. Ал эми 2014-жылы коомдук жайда Израилдин желегин айрып, тарапкерлерин «туалет кагазынын ордуна желекти колдонгула» деп чакырган.

Бакир уулунун Фейсбуктагы постторунан ал Шайлообек Атазовдун талапкерлигин колдогонун көрүүгө болот. Атазов Матраимовго тиешелүү EREM спорттук клубунун башкы тренери.

Ошондой эле митингге парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты, Свердлов райондук округунан талапкер Шайлообек Атазов менен Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алган Райымбек Матраимовдун жигердүү тарапташы — Илимбек Исраилов да чыкты.

Илимбек Исраилов.

Исраиловдун постторунун көбү саясий мүнөзгө ээ. Ал азыркы бийликти, Матраимовду, Атазовду жана экс-депутат Турсунбай Бакир уулун колдоп келет.

Исраилов Атазов Төлөйкөн шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлигин койгондо анын үгүт иш-чараларына катышып, сүрөт-видеолорду жарыялап турган.

Илимбек Исраилов 2021-жылдын ноябрь айында талапкер Шайлообек Атазов менен үгүт жолугушуусунда. Сүрөт: блогердин Фейсбук барагынан.

Исраилов Ошто Матраимовду колдоо митингине да катышып, «Азаттык» менен «Клооптун» журналисттерине карата чагымчылдык кылган. Ал эми 2021-жылы марттагы бейөкмөт уюмдардын нааразычылык акциясына каршы чыккан. Бул митингде ал «Клооп» жана «Азаттык» басылмаларына каршы элди тукурууга аракет жасаган эле.

Мындан тышкары, Temirov Live’дын журналисттери Исраилов 2021-жылдын 15-апрелинде өткөн бейөкмөт уюмдарга жана ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы митингдин модераторлорунун арасында болгонун аныкташкан. Анын катышуучулары ИИМдин имаратынан алдында аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы жана ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылган митингди үзгүлтүккө учуратышкан.

Temirov Live’дын маалыматында, ИИМдин имаратынын алдындагы нааразычылык акциясын үзгүлтүккө учураткандардын арасында милиция кызматкерлери да болгон.

Орусиядагы «Чет элдик агенттер жөнүндө» мыйзам

Орусияда бир канча жылдан бери «чет элдик агенттер жөнүндө мыйзам» иштейт. Алгач «чет элдик агент» деп юридикалык жактар, мисалы ЖМКлар гана аталса, 2020-жылдын соңунан баштап, жарандыгына карабастан жөнөкөй кишилер да «чет элдик тыңчы» катары тааныла баштады.

Deutsche Welle белгилегендей, бул мыйзам менен ар бир жаран кандайдыр бир жолдор аркылуу (жөнөкөй сүйлөшүүдөш башка) маалымат таратса, чет өлкөлүк же орусиялык компания менен каржылык байланышы болуп андан кандайдыр бир материалдык баалуулуктарды алса ал «чет элдик ЖМК агенти» катары таанылышы мүмкүн.

«Мыйзамда эч кандай өзгөчөлүктөр жазылган эмес, соцтүйүндөрдөгү пост же жазылган комментари й менен чет өлкөдөн каржыланышы тууралуу эч кандай байланыш болушу дагы шарт эмес. Ал эми жаран таратып жаткан маалымат түрдүү тармакка тиешелүү болушу мүмкүн — бирок мунун баары мыйзамды аткарууга жатат», — деп жазган Deutsche Welle .

Бул мыйзам бир нече жолу сынга алынып, укук коргоочулар бейөкмөт уюмдар менен журналисттерди куугунтуктоонун, оозду басуунун жаңы куралы деп аташкан.

«Медуза» басылмасынын материалынан скриншот.

Чет элдик «тыңчы» деп табылган тарап бир катар тоскоолдуктарга кабылат жана кандай гана болбосун коомдук билдирүүсүн «Бул кабар (материал) ... алкагында жарыяланды» деп таңгакка ороого мажбур болот. «Чет элдик тыңчы» тизмесине түшүп калуу менен алар өзүнүн ишмердүүлүгүн мыйзам талап кылгандай так кабарлабаса 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Кактус Медиага» каршы митинг жана кылмыш иши

Үстүбүздөгү жылдын 28-январда «Кактус Медиа» басылмасынын кеңсесинин алдында 20га чукул киши митингге чыгып, басылма кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды «бир тараптуу чагылдырды*» деп айыптаган. Митингчилердин арасында иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо акциясында «чагымчылдык кылгандар» да болгон.

*27-январда басылманын сайтына кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу тууралуу маалымат жарыяланган. Анда «Кактус Медиа» Тажикстандын «Азия Плюс» басылмасына таянып, чек арадагы жаңжал тууралуу тажик тараптын версиясын жаңылык кылып берген. Ошол эле күнү басылма тажик тараптын версиясын эмне үчүн жаңылык кылып бергенин түшүндүрүп берген. Ошондой катачылык кеткенин моюндап, окурмандарынан кечирим сураган.

Биринчи май райондук прокуратурасы «Кактус Медиа» басылмасынын жарыялаган материалынын мыйзамдуулугу боюнча укуктук баа берерин билдирген.

Райондук прокуратура «Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Башкы прокуратура макалада «Кыргызстандын аскерлери биринчи болуп ок атып, Тажикстанды чагымчылдыкка түрткөн деген жалган маалымат камтылган» деп эсептейт.

Тема боюнча:

Видео: Kaktus.media басылмасынын кеңсесинин алдында митинг өтүп жатат

Прокуратура «Кактус Медианын» чек арадагы жаңжал тууралуу макаласы боюна кылмыш ишин козгоду