Видео: Kaktus.media басылмасынын кеңсесинин алдында митинг өтүп жатат

Kaktus.media басылмасынын кеңсесинин алдында 28-январь саат 14:00дө митинг башталды. 20га чукул киши басылма кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды «бир тараптуу чагылдырды» деп айыптоодо. Митингчилердин арасында иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо акциясында «чагымчылдык кылгандар» да бар.

28-январь күнү эртең менен мессенжерлерде төмөндөгүдөй кабар таратылган.

«Бүгүн 2022-жылдын 28-январь күнү, саат 14:00гө Kaktus Media агенттигинин чек ара аймагында болуп жаткан окуялар боюнча жасаган кылык-жоругуна каршы митинг өткөрөбүз! Кайдыгер карабаган жарандарды катарыбызга [...] Өлкөбүздүн кызыкчылыгы баарынан өйдө турат!», — аталган кабар Кабар Марыч деген киши тарабынан жазылган.

Митингге чыккандар. Ислам Розиев / «Клооп»

Митингге чыккандардын айрымдары өздөрүн Баткен облусунун чек арага чектеш тургундары деп тааныштырып, Kaktus Media басылмасы жаңжалды «туура эмес чагылдырганын» айтышты.

«Адилеттүү чагылдыргысы келсе, биринчи алардын версиясын чагылдырсын. Бирок кыргыз тараптын версиясы да артынан бериш керек да. Kaktus Media басылмасы бөлүп-бөлүп чыгарып атат. Башкалардан айырмаланып, алар туура эмес чагылдырып жатат», — деди митингдин катышуучусу, өзүн Баткен облусунун тургуну деп тааныштырган Эрмек Хабибуллаев.

Андан сырткары башка тарапта 23-январда ИИМдин алдында иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо акциясында «чагымчылдык кылгандар» баннерлерин илип акция өткөрүп жатышат. Алар Kaktus Media басылмасы «жабылсын» же болбосо «кыргыз элинен кечирим сурасын» деген талап коюшту.

Андан соң адвокат Канат Хасанов журналисттер окуяны эки тараптуу чагылдырууга милдеттүү экенин белгилеп, тажик тараптын версиясын коомчулукту маалымдоо максатында чыгарганын билдирди.

Андан соң «Болот Темировду колдоо митингинде чагымчылдык кылган киши» Kaktus Media басылмасын жабуу тууралуу талаптан баш тартууну сунуштады.

Буга чейин Kaktus.media Тажикстандын ASIA-Plus басылмасына таянып, тажик жарандарынын жаңжал боюнча көз карашын жазып чыккан. Бирок ага чейин, андан кийин да Кыргызстандын бийлигинин позициясын да чагылдырган.

Басылма бул кадам эмне үчүн жасалганын түшүндүргөн билдирүү жарыялап, кечирим сурады. Төмөндө басылманын кайрылуусу берилди.

«27-январда Kaktus.media сайтында ASIA-Plus тажик басылмасынан Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал боюнча алынган маалымат жарыяланган.

«Бул публикациянын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш аракеттерди жасап жаткандыгын так билүүбүз керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген.

Башка басылмадан алынган (ПЕРЕПЕЧАТКА) маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз.

Бирок Тажикстандын ММКлары маалыматтык согушту уттуруп жибербөө максатында кандай маалыматты таратып жаткандыгын бардыгыбыз билүүбүз кажет деген пикирдебиз. Kaktus.media редакциясы ар дайым кыргыз элини кызыкчылыгын коргоп келген жана мындан ары да коргойт», — деп жазылат кайрылууда.

Ал арада, буга чейин «Улуу Журт» партиясынан депутаттыкка аттанган Калысбек Жолалиев аттуу саясатчы Фейсбукта «элдин баары чек ара маселесине алагды болуп жатканда, «ызы-чуудан пайдаланып» Kaktus.media жана «Клооп» сыяктуу басылмаларды жаптырып салуу керек» деп жазган.

Ал Кыргызстанга «бардык жактан кысым башталды» деп эсептейт. «Батыш, орус. тажик, бейөкмөт уюмдар, «Клооп» жана ага окшогон ЖМКлар», — деп жазган ал.

Бишкек ШИИБи милиция Kaktus.media’нын журналисттеринин коопсуздугун сактай турганын — алар басылманын кеңсесинде болорун билдирди.