«Акырына чейин турушубуз керек». Ошто Райымбек Матраимовду колдоо митинги өттү

Сүрөт: Хамидулло Узаков

Ош шаарынын борбордук аянтында 28-февраль күнү экс-бажычы Райымбек Матраимовду колдоо жана «Азаттык» үналгысына каршы митинг өттү. Анда Матраимовду бошотуу, «Азаттыкты» жана бейөкмөт уюмдарды жабуу талабы коюлду.

Митинг саат 12:00лер чамасында башталып, 15:00кө жакын бүттү. Акцияга катышуучулар негизинен жоон топ болуп келишти, айрымдарын маршрутка менен ташышты. Уюштуруучулардын эсебинде иш-чарага 15 миңге жакын киши катышкан, бирок журналисттер бир нече миң келгенин байкады.

Иш-чарага Райымбек Матраимовдун бир туугандары депутат Искендер Матраимов, Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов жана «Исмаил Ата» фондунун жетекчиси Руслан Матраимов, ошондой эле, Матраимовдун өкүл уулу Мунарбек Сайпидинов катышты. Бир туугандар митингдин жүрүшүн жана уюштуруу жагын көзөмөлгө алып турушту.

Ошондой эле Матраимовду колдоп акцияга депутаттар Мирлан Бакиров, Таабалды Тиллаев жана Бактыбек Райымкулов келди. Бул депутаттардын бардыгы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо добуш сатып алууга айыпталган «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болушкан. Партия Матраимовдорго караштуу делген. Бул партиядан экс-бажычынын бир тууган агасы Искендер жана башка тарапташтары да талапкер болушкан.

Таабалды Тиллаев, Бактыбек Райымкулов, Мирлан Бакиров жана Искендер Матраимов

Акцияга Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык EREM спорт клубунун жетекчиси Шайлообек Атазов да катышты. Ал буга чейин Матраимовду колдоо боюнча Бишкекте да митинг уюштурган.

*Шайлообек Атазов мурдагы спортсмен, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, Ош шаардык кеңешинин экс-депутаты. Кыргызстандагы эң таасирдүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жакын адамы деп айтылып келет. Ал Матраимовдорго таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутатттыкка талапкер болгон.

Митигде тамада Аман Ибраев модератор болду. Ал иш-чара башталып атканда Райымбек Матраимов тууралуу ойлору менен бөлүштү. Анын пикиринде, «контабанда схемасы менен болсо да Матраимов товарларды арзан алып келип турган».

«Кара-Суу базары эмне болду? Дордой эмне болуп жатканын билип жатасыздарбы туугандар? Мына кышкы товарлар келбейкалды деп көптөгөн биздин соода-сатыкта жүргөн инсандар азыр кайсыл жерде олтурат. Бул инсан ушундай сүйлөшүү жолун билген экен, мейли контрабанда схемасы, мына ошолордун тилин таап, бул жака алып келип, арзандатып, ар дайым ушул инсандардын демилгеси менен Кыргызстанда керек болсо арзанчылык болот эле. Мурун ушул инсандын жардамы менен 300-400 камаз товар менен келген болсо, азыр 4 камаз келет дейт», — деди Ибраев.

*Ибраев соцтармактагы баракчаларынан буга чейин да Матраимовду колдоп келген. Бүгүнкү митинг тууралуу да инстаграм баракчасына алдын ала жарыялаган. Коомчулукта Матраимовдордун иш-чараларын такай аталган тамада алып барып жүргөнү айтылат.

Матраимовго караштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясынын төрагасы, депутат Мирлан Бакиров чогулгандарга кайрылып Кыргызстандан чыгарылган 700 млн долларга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия Райымбек Матраимовдун аталган каражаттарга «жети тыйын да тиешеси жок экенин» аныктап чыкты деди.

«Урматтуу митингдин катышуучулары! Биз укуктук мамлекетте жашайбыз. Эгемендүү Кыргызстандын эли, жана юрист Канатбек Азиз айткандай, кыргыз эли бул өз үнүн, өз пикирин айтууга Баш мыйзам боюнча акылуу […] Депутаттык комиссия түзүлүп, Райымбек Матраимовдун иши боюнча, 700 млн доллар боюнча иликтөө жүргүзүп, жети тыйынына дагы тиешеси жок экен деп аныктап чыгышты, урматтуу туугандар. Ал жерде мамлекеттин укук коргоо органдары, фискалдык органдар катышты»? — деди Бакиров.

*Бакиров Исламбек Матраимовдун жакын досу болуп саналат. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо ал Матраимовдорго таандык «Мекеним Кыргызстан» партиясын жетектеген. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы болуп, парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктардан соң кызматын тапшырган.

Акцияны баштан аяк соцтармактарда Матраимовдун жигердүү тарапташы, буга чейин президент Садыр Жапаровду колдоп жүргөн, өзүн блогер деп атаган Илимбек Исраилов да жүрдү. Ал сахнага чыгып сөз сүйлөп жатканда «Азаттык» жана «Клооптун» журналисттерин сөөмөйү менен көрсөтүп, журналисттерге эскертүү берип жатканын айтты.

«Жакшынакай сүйлөп, жакшынакай монтаж кылган баарынын колунан келет. Эй “Клооп”, “Азаттык” 3чү жолу эскертем. Элди көрдүнөрбү? Кыргызстан без Азаттык, Кыргызстан без НПО», — деп кыйкырды ал.

*Исраилов инстаграм баракчасында акыркы убакытта «Азаттыкка» каршы билдирүүлөрдү жарыялап келген. Ал Бишкекте өткөн Феминаледе колуна камчы көтөрүп алып чагымчылдык кылууга айыпталган. Мындан улам феминисттик көргөзмө үзгүлтүккө учураган.

Матраимовдун дагы бир тарапташы, юрист Канатбек Азиз митингчилерди Райымбек Матраимов бошотулганга чейин «акырына чейин турууга чакырды».

«Кыргызстан келечеги үчүн силер эл дайыма, баягы «даканса» деген сөз мода болуп калды азыр, акырына чейин турушубуз керек. Өзүңөр билесиңер. Биз бүгүн керек болсо бул жакта карапайым эл, интеллигенция бардыгы өзү деле түшүнүп турат. Акыбалды, заманды дагы карагыла. Бүгүнкү күнү эртеби-кечпи Райымбек Матраимов чыгат», — деди Азиз.

*«Клооптун», «Азаттыктын» жана OCCRPнин журналисттери 2019-жылы өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөөсүнүн сериясын жарыялашкан. Иликтөөдө Кыргызстандын бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун ысымы аталган. Андан кийин Матраимовдордун үй-бүлөсү «Клооп», «Азаттык», 24.kg жана «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновдун үстүнөн Свердлов райондук сотуна доо арыз тапшырган. Алар аткезчилик жөнүндө иликтөөдөн өздөрү жөнүндө бир катар текстти алып салууну талап кылышкан. Үй-бүлөнүн адвокаттарынын айтымында, журналисттер Матраимовдордун «ар-намысы менен беделине шек» келтирген. Сот териштирүүлөрү аягына чыга элек. Канатбек Азиз сотто Матраимовдун кызыкчылыгын коргоп келет.

Митингчилердин колдоруна ар кандай чакырыктар жазылган транспараннтарды көтөрүп чыгышкан. Алардын арасында төмөнкүдөй талаптар жазылган: «Биз фейк эмесмпиз», «Акыйкаттуу чечим талап кылабыз», «Стоп ЛГБТ», «Алай эми Райымбек Матраимов менен», «Эл уулуна боштондук», «Азаттык акыйкат бол», «Сапар Исаков ТЭЦ, тарых музейи, Дача СУга жооп берсин», «Райымбек Исмаиловичке боштондук», «Савай эли Райымбек Исмаилович менен».

Транспартанттардын дээрлик бардыгы бирдей стилде жана бирдей өңдө экенин байкоого болот.

Бажыдагы коррупция жана Райымбек Матраимов

Экс-бажычы Райымбек Матраимов УКМК тарабынан 18-февралда кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камоо чечимин кабыл алган. Матраимов «Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга» айыпталууда.

Ал эми ага чейин, 11-февралда, ал «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылган — сот ага 260 миң сом өлчөмүндө айыппул салып, бошоткон болчу. Ошондой эле сот анын кыймылсыз мүлктөрүн жана банктык эсептерин камактан чыгарган.

Бажыдагы аткезчилик жана коррупция боюнча бир катар иликтөөлөрдүн фигуранты болгон Матраимов бошотулгандан кийин өкүмгө нааразы болгон жарандык коом 14-февралда Бишкекте тынчтык жөө жүрүшүнө чыккан.

Алар «Матраимовдун камалышын, акыйкаттуулук орношун жана бийлик элге кайтарылышын» талап кылышкан.

Марш болуп өткөндөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эгерде чет өлкөдөн экс-бажычынын мүлктөрү табылса тергөө уланат деп ишендирген болчу.

Журналисттик иликтөө

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген.

Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин УКМК Матраимовду өткөн жылдын 20-октябрда кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Ал эми 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

Ал эми АКШ Матраимов жана анын жубайы Аманда Тургунованы «Магнитский тизмесине» киргизген. АКШнын мамлекеттик департаменти жана Каржы министрлиги муну Матраимовдун коррупциялык схемаларга аралашканы жана Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ долларын алып чыгып кетүү схемасына түздөн-түз катышканы менен түшүндүргөн. Көп өтпөй Тургунова фамилиясын Сулаймановага өзгөрткөн.

*Магнисткий тизмеси — кылмышкерлер менен коррупционерлер киргизилген санкциялык тизме. Ал салыктарды мыйзамсыз кайтаруу аркылуу бюджеттик каражаттарды уурдоо тууралуу айтып бергенден кийин кармалып жана каза тапкан орусиялык аудитор Сергей Магнитскийдин ысымы менен аталган.