Курманкул Зулушев эжеси каржы пирамидадан 30 миң доллар зыян тартканын билдирди

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы басма сөз жыйында «“Голдэн Кэш” ювелирдик компания» каржы пирамидасынан эжеси Гүлмира Зулушева да жабыркаганын тастыктады.

Зулушевдин айтымында, бир тууганы 30 миң доллардан ашуун чыгымга учураган. Бирок акчаны өндүрүп алууга көзү жетпей арыз жазуудан баш тарткан.

«Менин эжем дагы Ошто өзүнүн 15 койкалуу жеке клиникасы бар, иштеткенине 15 жылдан ашып кетти. Ал дагы өзүнүн уулу менен барып пайда табуу максатында жазылган экен. Бүгүнкү күндө маалыматтар чыгып, иш козголгондо мен өзүм кайрылып айттым [эжеме]: “арыз жазыңыз, эгер өндүрүлүп калса чыгым кайтарылып калат” десем бүгүнкү күнгө чейин арыз жазган жок», — деди Зулушев.

Башкы прокурор учурда «“Голдэн Кэш” ювелирдик компаниядан» жабыркагандар бүгүнкү күнгө чейин арыз менен кайрылып жатканын белгиледи. Анткен менен Зулушев каржы пирамидасын уюштурган украиналык жарандар чет өлкөгө качып кетүүгө үлгүргөнүн, алардын бири Өзбекстанда камакка алынганын кошумчалады.

Зулушев учурда кылмыш иштин алкагында «“Голдэн Кэш” ювелирдик компанияда» иштеген эки кыргызстандык кармалганын, анын арасында Жогорку соттун судьясы Айнаш Токбаеванын кызы Айзирек Жусупова бар экенин белгиледи. Анын айтымында, шектүүлөр каржы пирамидасы жакын арада жабылаарын билип туруп, жаңы кардарларды каттоону улантышкан.

Айнаш Токбаева / Курманкул Зулушев

«Алардан 15 күн мурун телефон сүлөшүүлөрүн уккан экен. “Кыргызстандан чыгып кеткиле, иштерди токтотобуз” деген сөз болгон. Ошону билип туруп офистеги адамдар кайрадан кыргыз жарандарын жаздырышкан да. Ошол себептен тергөө аракеттери жүрүп жатат», — деди ал.

«Голден Кэш» каржы пирамидасы

2021-жылдын 13-декабрында Башкы прокуратура «Каржы пирамидаларын уюштуруу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Анда украиналык жаран негиздеген «"Голден Кэш" ювелирдик компания» жана «К.Дж.К.» ишканалары 5 миңден ашуун жаранды алдап, аларга 3 млн долларлык зыян келтиргени айтылган.

«Алар маркетинг иш-чараларын бурмалоо жолу менен жүргүзүшүп, жарандар тарабынан салынган акча каражаттар жыл сайын 260%га чейин жогорку үстөк менен кайтарылып берилери тууралуу жалган убадаларды беришип, жарандарды алдоо жолу менен алардын акча каражаттарын чогултушкан», — деп билдиришкен көзөмөл органдан.

Кылмыш иштин алкагында компаниянын юристи «И.Н.Б.» жана кассири Айзирек Жусупова кармалышкан. Учурда алар Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Ал эми каржы пирамиданы уюштурган Украинанын жарандары Василий Жила, Евгений Трофимчук, Максим Сидоренко, «В.К.», «О.С.», жана кыргызстандык «А.Ч.» өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Башкы прокуратура шектүүлөргө издөө жарыялап, алар сырттан камакка алынышкан.

Айзирек Жусупованын жактоочусу Чынара Жакупбекова башкы прокурордун эжеси Гүлмира Зулушева төлөмдөрдөн сырткары «каржы пирамиданын лидерлеринин бири болгонун» айткан. Ошондой эле адвокат Жусупова «техникалык кызматкер» болгонун жана акчаларга тиешеси жок болгонун белгилеген.

Бул ишке Жогорку сот да реакция кылып, Конституцияда «күнөөсүздүк презумпциясы» принциби камтылганын эске салышкан. Мекемеден Жогорку соттун судьясы Айнаш Токбаеванын кызынын күнөөсү соттук өкүм менен аныктала электигин белгилешкен.

«Тергөө маалында [кылмыш иш тууралуу] маалыматтарды таратауу күнөөсүздүк презумпциясын бузат жана иштин объективдүү тергелишине тоскоолдук жаратат. Ошондуктан, бул иш тергөө стадиясында болгонун эске алуу менен Айзирек Жусупова кылмыш жасады деген мезгилсиз», — деп берилген Жогорку соттун билдирүүсүндө.

ТЕМА БОЮНЧА:

Каржы пирамидасын түзүүгө шектелгендердин арасында Жогорку соттун судьясынын кызы бар