Каржы пирамидасын түзүүгө шектелгендердин арасында Жогорку соттун судьясынын кызы бар

«"Голден Кэш" ювелирдик компания» ЖЧКсы тарабынан уюштурулган каржы пирамидага байланыштуу камакка алынгандардын бири Айзирек Жусупова болуп чыкты. Ал Жогорку соттун судьясынын төрага орун басарынын м.а. Айнаш Токбаеванын кызы. Бул тууралуу каржы пирамидадан жабыркагандар «24.kg» басылмасына билдиришти.

Айнаш Токбаева / Курманкул Зулушев

Ал эми Жусупованын жактоочусу Чынара Жакупбекова анын кардарына карата тагылган айыптарды четке кагууда. Анын айтымында, каржы пирамиданын лидерлеринин бири башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бир тууган эжеси Гүлмира Зулушева.

Эмне болгон?

2021-жылдын 13-декабрында Башкы прокуратура «Каржы пирамидаларын уюштуруу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Анда украиналык жаран негиздеген «"Голден Кэш" ювелирдик компания» жана «К.Дж.К.» ишканалары 5 миңден ашуун жаранды алдап, аларга 3 млн долларлык зыян келтиргени айтылган.

«Алар маркетинг иш-чараларын бурмалоо жолу менен жүргүзүшүп, жарандар тарабынан салынган акча каражаттар жыл сайын 260%га чейин жогорку үстөк менен кайтарылып берилери тууралуу жалган убадаларды беришип, жарандарды алдоо жолу менен алардын акча каражаттарын чогултушкан», — деп билдиришкен көзөмөл органдан.

Кылмыш иштин алкагында компаниянын юристи «И.Н.Б.» жана кассири «Ж.А.Э.» (Айзирек Жусупова) кармалышкан. Учурда алар Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Ал эми каржы пирамиданы уюштурган Украинанын жарандары Василий Жила, Евгений Трофимчук, Максим Сидоренко, «В.К.», «О.С.», жана кыргызстандык «А.Ч.» өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Башкы прокуратура шектүүлөргө издөө жарыялап, алар сырттан камакка алынышкан.

Зулушевдин эжеси жана «күнөөсүздүк презумпциясы»

Ал эми ЖМКлардын маалыматы боюнча, каржы пирамидасынан жабыркагандардын арасында башкы прокурордун эжеси Гүлмира Зулушева болгон. Маалыматка ылайык, Зулушева компанияга 50 миң доллар салган.

Анткен менен шектүү Айзирек Жусупованын жактоочусу Чынара Жакупбекова Зулушева төлөмдөрдөн сырткары каржы пирамиданын лидерлеринин бири болгонун айтат. Ошондой эле адвокат Жусупова «техникалык кызматкер» болгонун жана акчаларга тиешеси жок болгонун белгиледи.

«Бардык каражаттарды башкы директор, украиналык Василий Жила башкарган. Ал жаш балдарды пайдаланып койду. Каржы пирамиданын ичинде Гүлмира Зулушева пайда көргөн, бирок аны суракка да чакырышкан жок», — деди Жакупбекова.

Ошондой эле Жакупбекова жабырлануучулардын түшүнүк каттарын жарыялады. Анда алар Гүлмира Зулушева менен «"Голден Кэш" ювелирдик компания» ЖЧКсынын Оштогу филиалында таанышканын, ал «өнөктөштөрдүн бири» болгонун жазышкан.

Ал эми Жогорку соттон бул ишке байланыштуу Конституцияда «күнөөсүздүк презумпциясы» принциби камтылганын эске салышты. Мекемеден Жогорку соттун судьясы Айнаш Токбаеванын кызынын күнөөсү соттук өкүм менен аныктала электигин белгилешти.

«Тергөө маалында [кылмыш иш тууралуу] маалыматтарды таратауу күнөөсүздүк презумпциясын бузат жана иштин объективдүү тергелишине тоскоолдук жаратат. Ошондуктан, бул иш тергөө стадиясында болгонун эске алуу менен Айзирек Жусупова кылмыш жасады деген мезгилсиз», — деп билдиришти Жогорку соттон.